ВИЛАЯТ-И ФАКИХ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИЛАЯТ-И ФАКИХ''' (персче: мыйзамды билген уламанын башкаруусу, бийлиги) – мусулман жамаатында бийликтин имамдан имамга му­расталып өтүп турушун туура деп эсептеген шийит жол-жобосу. Анда имам-вали өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ болгондуктан, Кудай аны бийлик жүргүзүү үчүн койгон делет. Ал үчүн он экинчи имамдык «кайып болгонуна» байланыш­туу, ал жокто жамаатты жетектеп, Кудайдын эркин ж-а имамдын көрсөтмөлөрүн калайыкка жеткирип турган анын өкүлү бүтүндөй жамаат­ка таанылган, эң абройлуу, бардыгын билген, кынтыксыз, мужтахид (мусулман, сопулук­ | '''ВИЛАЯТ-И ФАКИХ''' (персче: мыйзамды билген уламанын башкаруусу, бийлиги) – мусулман жамаатында бийликтин имамдан имамга му­расталып өтүп турушун туура деп эсептеген шийит жол-жобосу. Анда имам-вали өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ болгондуктан, Кудай аны бийлик жүргүзүү үчүн койгон делет. Ал үчүн он экинчи имамдык «кайып болгонуна» байланыш­туу, ал жокто жамаатты жетектеп, Кудайдын эркин ж-а имамдын көрсөтмөлөрүн калайыкка жеткирип турган анын өкүлү бүтүндөй жамаат­ка таанылган, эң абройлуу, бардыгын билген, кынтыксыз, мужтахид (мусулман, сопулук­-юридикалык илимдин жогорку даражасына эгедер адам) болушу керек. Көпчүлүк шийит уламала­ры м-н диний жетекчилер абалкы ислам мез­гилинде имам Халифатты жетектеген сымал, диний ж-а саясий бийликтин башында жогор­ку мужтахид туруп, ислам мамлекетинин таг­дырын чечүүнү өз колуна алуусу абзел деп эсептешкен. Вилаят-и факихтин жол-жобосу тууралуу алда канча жалпыланган түрдө аятолла Хо­мейнинин «Ислам бийлиги» аттуу китебинде баяндалган. Бул жол-жобонун идеялары азыр­кы Ирандын конституциясын иштеп чыгууда теориялык негиз болгон. | ||
''М. Абдылдаев.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
''М. Абдылдаев.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:41, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИЛАЯТ-И ФАКИХ (персче: мыйзамды билген уламанын башкаруусу, бийлиги) – мусулман жамаатында бийликтин имамдан имамга мурасталып өтүп турушун туура деп эсептеген шийит жол-жобосу. Анда имам-вали өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ болгондуктан, Кудай аны бийлик жүргүзүү үчүн койгон делет. Ал үчүн он экинчи имамдык «кайып болгонуна» байланыштуу, ал жокто жамаатты жетектеп, Кудайдын эркин ж-а имамдын көрсөтмөлөрүн калайыкка жеткирип турган анын өкүлү бүтүндөй жамаатка таанылган, эң абройлуу, бардыгын билген, кынтыксыз, мужтахид (мусулман, сопулук-юридикалык илимдин жогорку даражасына эгедер адам) болушу керек. Көпчүлүк шийит уламалары м-н диний жетекчилер абалкы ислам мезгилинде имам Халифатты жетектеген сымал, диний ж-а саясий бийликтин башында жогорку мужтахид туруп, ислам мамлекетинин тагдырын чечүүнү өз колуна алуусу абзел деп эсептешкен. Вилаят-и факихтин жол-жобосу тууралуу алда канча жалпыланган түрдө аятолла Хомейнинин «Ислам бийлиги» аттуу китебинде баяндалган. Бул жол-жобонун идеялары азыркы Ирандын конституциясын иштеп чыгууда теориялык негиз болгон.
М. Абдылдаев.