ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ '''– 1901-жылдан такка келген | '''ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ '''– 1901-жылдан такка келген англиялык королдор династиясы (тектүү немецтик Кобург тукумунан тараган, ошондук­тан 1901-жылдан Саксен-Кобург-Гот, 1917-жыл­дан Виндзорлор династиясы аталган). Биринчи дүйнөлүк согуш учу­рунда антигермандык маанай күчтүү болгондук­тан, королева Виктория м-н немис принци Аль­берт Саксен-Кобург-Готскийдин никелешүүсүнө байланышкан немистик титулдарын король Георг V алып салууну чечкен. Виндзорлор династиясы аталышы узак убакыт бою британдык монархтардын резиден­циясы болуп келген Беркширдеги Виндзор се­пилинин атынан аталган. Өкүлдөрү: Эдуард VII, Георг V, Эдуард VIII, Георг VI. Учурда башка­рып жаткан королева Елизавета II (1952-жылы такка отурган) Виндзорлор династиясынын акыркы өкүлү болуп саналат, анын уулдарынын биринин так­ка келиши м-н жаңы династиянын башкаруусу башталат. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:32, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИНДЗОРЛОР ДИНАСТИЯСЫ – 1901-жылдан такка келген англиялык королдор династиясы (тектүү немецтик Кобург тукумунан тараган, ошондуктан 1901-жылдан Саксен-Кобург-Гот, 1917-жылдан Виндзорлор династиясы аталган). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда антигермандык маанай күчтүү болгондуктан, королева Виктория м-н немис принци Альберт Саксен-Кобург-Готскийдин никелешүүсүнө байланышкан немистик титулдарын король Георг V алып салууну чечкен. Виндзорлор династиясы аталышы узак убакыт бою британдык монархтардын резиденциясы болуп келген Беркширдеги Виндзор сепилинин атынан аталган. Өкүлдөрү: Эдуард VII, Георг V, Эдуард VIII, Георг VI. Учурда башкарып жаткан королева Елизавета II (1952-жылы такка отурган) Виндзорлор династиясынын акыркы өкүлү болуп саналат, анын уулдарынын биринин такка келиши м-н жаңы династиянын башкаруусу башталат.