ВИННИЦА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́ННИЦА '''– Украинанын | [[Файл:Винница.jpg|left|thumb|258x258px|Винница: музейлер жана фонтандар.]] | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Файл:Вин.jpg|thumb]] | ||
'''ВИ́ННИЦА '''– Украинанын түштүк-батыш бөлү­гүндөгү шаар, Винница облусунун административдик борбору. Калкы 351 миң (2006). Днепр бою дөңсөөсүндө, Түштүк Буг дарыясынын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1362- жылдан Литва чеби катары эскерилет. 1569-жылы Люблин униясы боюнча Польшанын, 1793-жылы Рос­сиянын курамында болгон. Киев – Балтика те­мир жолунун курулушунан кийин Виница ири соода борборуна айланган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу талкаланган. Жыгач чиркөө­лөр, иезуиттер (XVII кылым), доминикчилер (XVIII кылым) жана капуциндер (XVIII кылым) монастырлары сак­талган. Ю. А. Гагарин атындагы аянт ансамбли, Н. И. Пироговдун бальзамдалган сөөгү коюлган чиркөө-мавзолей, 9 илим-изилдөө институту, университеттер, ки­тепканалар, музейлер, музыкалуу-драма, куурчак, ка­мералык театрлар бар. Машина куруу (трактор, комбайндарга тетиктер), химия (лак-сыр мате­риалдары, синтездик кир жуучу каражаттар жана башкалар), жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:40, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы


ВИ́ННИЦА – Украинанын түштүк-батыш бөлүгүндөгү шаар, Винница облусунун административдик борбору. Калкы 351 миң (2006). Днепр бою дөңсөөсүндө, Түштүк Буг дарыясынын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1362- жылдан Литва чеби катары эскерилет. 1569-жылы Люблин униясы боюнча Польшанын, 1793-жылы Россиянын курамында болгон. Киев – Балтика темир жолунун курулушунан кийин Виница ири соода борборуна айланган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу талкаланган. Жыгач чиркөөлөр, иезуиттер (XVII кылым), доминикчилер (XVIII кылым) жана капуциндер (XVIII кылым) монастырлары сакталган. Ю. А. Гагарин атындагы аянт ансамбли, Н. И. Пироговдун бальзамдалган сөөгү коюлган чиркөө-мавзолей, 9 илим-изилдөө институту, университеттер, китепканалар, музейлер, музыкалуу-драма, куурчак, камералык театрлар бар. Машина куруу (трактор, комбайндарга тетиктер), химия (лак-сыр материалдары, синтездик кир жуучу каражаттар жана башкалар), жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.