ВИРУНГА (жанар тоо тобу): нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ВИРУНГА 1 to ВИРУНГА (жанар тоо тобу)) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИРУ́НГА | '''ВИРУ́НГА ''', М у ф у м б и р о – Чыгыш Африка­дагы жанар тоо тобу. Конго Демократиялык Республикасынын, Уганданын ж-а Руанданын аймагында. ''Чыгыш Африка рифт системасынын'' батыш бөлүгүндө, Киву көлүнүн түндүк тарабында жайгашкан. Чы­гыштан батышты карай 80 ''км'' аралыкка созу­лат. Батышында аракеттеги 2 (Ньирагонго, Ньямлагира), борбордук бөлүгүндө ж-а чыгышында өчкөн 6 (анын ичинде Кирисимби, бийиктиги 4510 ''м'' – Вирунганын эң бийик жери; Микено – 4437 ''м'' ж. б.) ж-а 400дөн ашык (бийиктиги 50–150 ''м'') өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор бар. Базальт ж-а тра­хиандезит тектеринен турган лава конустары басымдуу. Аракеттеги жанар тоолордон көбүнчө лава чыгат. Вирунганын эң активдүү Ньямлагира жа­нар тоосунда 1912–13, 1938–40-жылдары катуу атылуулар катталган. Жанар тоолордун этегин­де лавалуу түздүктөр пайда болгон. Вирунганын ай­магында өтө катуу жер титирөөлөр болот. Ай­рым бөлүктөрү Вирунга улуттук паркынын чегинде. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:49, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИРУ́НГА , М у ф у м б и р о – Чыгыш Африкадагы жанар тоо тобу. Конго Демократиялык Республикасынын, Уганданын ж-а Руанданын аймагында. Чыгыш Африка рифт системасынын батыш бөлүгүндө, Киву көлүнүн түндүк тарабында жайгашкан. Чыгыштан батышты карай 80 км аралыкка созулат. Батышында аракеттеги 2 (Ньирагонго, Ньямлагира), борбордук бөлүгүндө ж-а чыгышында өчкөн 6 (анын ичинде Кирисимби, бийиктиги 4510 м – Вирунганын эң бийик жери; Микено – 4437 м ж. б.) ж-а 400дөн ашык (бийиктиги 50–150 м) өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор бар. Базальт ж-а трахиандезит тектеринен турган лава конустары басымдуу. Аракеттеги жанар тоолордон көбүнчө лава чыгат. Вирунганын эң активдүү Ньямлагира жанар тоосунда 1912–13, 1938–40-жылдары катуу атылуулар катталган. Жанар тоолордун этегинде лавалуу түздүктөр пайда болгон. Вирунганын аймагында өтө катуу жер титирөөлөр болот. Айрым бөлүктөрү Вирунга улуттук паркынын чегинде.