ВИРУНГА (жанар тоо тобу): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ВИРУНГА 1 to ВИРУНГА (жанар тоо тобу)) |
(Айырма жок)
|
05:49, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИРУ́НГА , М у ф у м б и р о – Чыгыш Африкадагы жанар тоо тобу. Конго Демократиялык Республикасынын, Уганданын ж-а Руанданын аймагында. Чыгыш Африка рифт системасынын батыш бөлүгүндө, Киву көлүнүн түндүк тарабында жайгашкан. Чыгыштан батышты карай 80 км аралыкка созулат. Батышында аракеттеги 2 (Ньирагонго, Ньямлагира), борбордук бөлүгүндө ж-а чыгышында өчкөн 6 (анын ичинде Кирисимби, бийиктиги 4510 м – Вирунганын эң бийик жери; Микено – 4437 м ж. б.) ж-а 400дөн ашык (бийиктиги 50–150 м) өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор бар. Базальт ж-а трахиандезит тектеринен турган лава конустары басымдуу. Аракеттеги жанар тоолордон көбүнчө лава чыгат. Вирунганын эң активдүү Ньямлагира жанар тоосунда 1912–13, 1938–40-жылдары катуу атылуулар катталган. Жанар тоолордун этегинде лавалуу түздүктөр пайда болгон. Вирунганын аймагында өтө катуу жер титирөөлөр болот. Айрым бөлүктөрү Вирунга улуттук паркынын чегинде.