ВИБРИОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИБРИО́З ''', к а м п и л о б а к т е р и о з (Сampylobakteriosis) – негизинен | '''ВИБРИО́З ''', к а м п и л о б а к т е р и о з (Сampylobakteriosis) – негизинен бодо мал м-н койдун жыныс органдарын жабыркатып, мас­салык ''бала салууга'' (абортко) дуушар кылуучу жугуштуу ылаң. Вибриоздун козгогучу 1909-жылы козу салган койдун, 1913-жылы музоо салган уйдун чөбүнөн ж-а күмөн ткандарынан табылган. Вибриоз кишиге да жугат. Бодонун кампилобактерио­зунда ылаңдуу бука инфекциянын негизги бу­лагы болуп саналат. Козгогуч алардын жыныс органында көп жыл сакталып, урук (сперма) ж-а урук безинин секрети м-н кошо сыртка бөлүнүп чыгып турат. Ылаңдуу уй м-н кунаа­жындар да бир кыйла коркунучтуу, алардын жыныс органдарынан аккан суюктук м-н коз­гогуч 3–10 айга чейин сыртка бөлүнүп чыгат. Ошондой эле, козгогуч сыртка ылаңдуу уйдун сүтү, сий­диги м-н ж-а түшкөн күмөн аркылуу да бөлүнүп, айлана-чөйрөнү булгайт. Соо койлорго ылаң коз­гогуч м-н булганган жем-чөп, суу аркылуу жу­гат. Ылаңдын алдын алуу үчүн вакцина куюлат. Дарылоодо ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, анти­септикалык эритмелер (риванол, фурациллин, калий перманганаты) ж-а антибиотиктер (пе­нициллин, стрептомицин, хлортетрациклин, окситетрациклин, гентамицин ж. б.), нитрофу­ран ж-а сульфаниламид препараттары (фуразо­лидон, фурагин, стрептоцид, норсульфазол, сульфапиридазин) суспензия ж-а эритме түрүндө колдонулат. | ||
''Д. Раимбеков.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
07:59, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИБРИО́З , к а м п и л о б а к т е р и о з (Сampylobakteriosis) – негизинен бодо мал м-н койдун жыныс органдарын жабыркатып, массалык бала салууга (абортко) дуушар кылуучу жугуштуу ылаң. Вибриоздун козгогучу 1909-жылы козу салган койдун, 1913-жылы музоо салган уйдун чөбүнөн ж-а күмөн ткандарынан табылган. Вибриоз кишиге да жугат. Бодонун кампилобактериозунда ылаңдуу бука инфекциянын негизги булагы болуп саналат. Козгогуч алардын жыныс органында көп жыл сакталып, урук (сперма) ж-а урук безинин секрети м-н кошо сыртка бөлүнүп чыгып турат. Ылаңдуу уй м-н кунаажындар да бир кыйла коркунучтуу, алардын жыныс органдарынан аккан суюктук м-н козгогуч 3–10 айга чейин сыртка бөлүнүп чыгат. Ошондой эле, козгогуч сыртка ылаңдуу уйдун сүтү, сийдиги м-н ж-а түшкөн күмөн аркылуу да бөлүнүп, айлана-чөйрөнү булгайт. Соо койлорго ылаң козгогуч м-н булганган жем-чөп, суу аркылуу жугат. Ылаңдын алдын алуу үчүн вакцина куюлат. Дарылоодо ылаңдуу мал өзүнчө бөлүнүп, антисептикалык эритмелер (риванол, фурациллин, калий перманганаты) ж-а антибиотиктер (пенициллин, стрептомицин, хлортетрациклин, окситетрациклин, гентамицин ж. б.), нитрофуран ж-а сульфаниламид препараттары (фуразолидон, фурагин, стрептоцид, норсульфазол, сульфапиридазин) суспензия ж-а эритме түрүндө колдонулат.
Д. Раимбеков.