ВЛАСОВ Владимир Александрович: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ВЛАСОВ 1 to ВЛАСОВ Владимир Александрович) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЛА́СОВ | '''ВЛА́СОВ Владимир Александрович''' [25. 12. 1902 (7. 1. 1903), Москва – 7. 9. 1986, ошол эле жер] – композитор, кыргыз профессионал музыкасын баштоочулардын бири, Кыргыз ССР эл артисти (1946), РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1947), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970). П. Чайковский атындагы | ||
[[File:ВЛАСОВ 142.png | thumb | none]] | [[File:ВЛАСОВ 142.png | thumb | none|297x297px]] мамлекеттик консерваториянын скрипка классын бүтүргөн (1928). Москванын музыкалык окуу жайларында музыка теориясы жана скрипкада ой­ноо боюнча сабак берген. 1926–1936-жылдары МХАТта дирижёр. 1936-жылы Кыргызстанга келген. 1936–1942-жылдары Кыргыз мамлекеттик музыка драма театрынын көркөм жетекчи­си, 1943–1949-жылдары Москва мамлекеттик филармониясы­нын директору жана көркөм жетекчиси болуп иштеген. 1932-жылдан СССР композитордор сою­зунун мүчөсү. Композитор А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге «Манас», «Токтогул», «Көл боюнда», «Пат­риоттор», «Эл уулу», В. Фере менен «Михаил Фрунзе», «Айчүрөк» операларын, «Алтын кыз», «Ажал ордуна» (А. Малдыбаев, В. Фере менен) музыкалык драмаларын, «Анар», «Селкинчек» (экөө тең В. Фере менен), «Шурале», «Ала Тоодогу жаз», «Асел» жана башка балеттерин жазган. «Токтогул» симфониялык поэмасын (1958), «Румын рапсодиясын» (1955), «Майрамдык увертюраны» (1957), «Акын Ленинди ырдайт» (1957) кантатасын, «Үч бул­бул кайдасыңар» (А. Малдыбаев менен бирге), «Бакыт», «Бир тууган айылда» деген оратория­ларды, «Бакыт жөнүндө баян», «Колхоздогу той», «Кош, Гүлсары», «Менин Кыргызстаным» аттуу ода-кантаталарды (А. Малдыбаев, В. Фере менен), көптөгөн камералык-аспаптык чыгарма­ларды, ырларды, романстарды, хорлорду жаз­ган. Ал кыргыз элинин профессионалдык му­зыкасынын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүшүнө өзгөчө салым кошкон. Власов эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.<br><br>Ад.: ''Виноградов В. С.'' В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере. М., 1958. | ||
1936- | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||
<br><br>Ад.: ''Виноградов В. С.'' В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере. М., 1958. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
10:55, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЛА́СОВ Владимир Александрович [25. 12. 1902 (7. 1. 1903), Москва – 7. 9. 1986, ошол эле жер] – композитор, кыргыз профессионал музыкасын баштоочулардын бири, Кыргыз ССР эл артисти (1946), РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1947), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970). П. Чайковский атындагы

мамлекеттик консерваториянын скрипка классын бүтүргөн (1928). Москванын музыкалык окуу жайларында музыка теориясы жана скрипкада ойноо боюнча сабак берген. 1926–1936-жылдары МХАТта дирижёр. 1936-жылы Кыргызстанга келген. 1936–1942-жылдары Кыргыз мамлекеттик музыка драма театрынын көркөм жетекчиси, 1943–1949-жылдары Москва мамлекеттик филармониясынын директору жана көркөм жетекчиси болуп иштеген. 1932-жылдан СССР композитордор союзунун мүчөсү. Композитор А. Малдыбаев, В. Фере менен бирге «Манас», «Токтогул», «Көл боюнда», «Патриоттор», «Эл уулу», В. Фере менен «Михаил Фрунзе», «Айчүрөк» операларын, «Алтын кыз», «Ажал ордуна» (А. Малдыбаев, В. Фере менен) музыкалык драмаларын, «Анар», «Селкинчек» (экөө тең В. Фере менен), «Шурале», «Ала Тоодогу жаз», «Асел» жана башка балеттерин жазган. «Токтогул» симфониялык поэмасын (1958), «Румын рапсодиясын» (1955), «Майрамдык увертюраны» (1957), «Акын Ленинди ырдайт» (1957) кантатасын, «Үч булбул кайдасыңар» (А. Малдыбаев менен бирге), «Бакыт», «Бир тууган айылда» деген ораторияларды, «Бакыт жөнүндө баян», «Колхоздогу той», «Кош, Гүлсары», «Менин Кыргызстаным» аттуу ода-кантаталарды (А. Малдыбаев, В. Фере менен), көптөгөн камералык-аспаптык чыгармаларды, ырларды, романстарды, хорлорду жазган. Ал кыргыз элинин профессионалдык музыкасынын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүшүнө өзгөчө салым кошкон. Власов эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Виноградов В. С. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере. М., 1958.