БАЙЛАНЫШТЫН ИНТЕГРАЛДЫК САНАРИП ТАРМАГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙЛАНЫШТЫН ИНТЕГРАЛДЫК САНАРИП ТАРМАГЫ - сигналдарды экилик санарип түрүндө кабыл алуучу, таратуучу ж-а иштеп чыгуучу байланыш тармагы. Ал электрондук интегралдык микросхемалардын негизинде түзүлгөн. Интегралдык микроэлектроника бир жарым өткөргүч кристаллында ар кайсы электрондук функциялык элементтерди өтө тыгыз жайгаштыруу принцибине негизделген. Азыркы интегралдык микроэлектроникадагы, компьютер техникасындагы, спутник радио байланышындагы өсүш, аналог (үзгүлтүксүз) байланышынан кыйла ишенимдүү санариптик байланышка өтүүгө шарт түздү. Натыйжада санариптик телефон байланышы, санарип телекерсөтүүсү, бүткүл дүйнөлүк интернет тармагы кеңири жайылтылды.