ВОЕЙКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВОЕ́ЙКОВ''' '''Александр Иванович''' [8(20).5.1842, Москва – 28.1 (10.2).1916, Санкт-Петербург] – орус климатологу ж-а географы. Россияда ''кли­матология'' илимине негиз салуучулардын бири. Санкт-Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1910), философия илимдеринин доктору (1865) ж-а физикалык гео­графиянын урматтуу доктору (1880), Санкт-Пе­тербург университетинин профессору (1885). 1872–76-жылдарда Ба­тыш Европага, Түндүк, Түштүк ж-а Борбордук Америка­га, Индстанга, Кытайга, Цейлонго, Явага, Япо­нияга саякат жасаган. 1912-жылы 70 жаш курагында Орто Азияга ж-а Казакстанга келип байкоо жүргүзгөн. Воейков көптөгөн илимий эмгектердин автору, анын ичинде эң негизгиси – «Жер шарынын, анын ичин­де Россиянын климаты». Метеорологиялык ку­булуштарды ж-а климат процесстерин изилде­ген. Бул эмгеги үчүн Орус география коому Воейковду чоң алтын медалы м-н сыйлаган. Закавказьеде чай, цитрус өсүмдүктөрүн, Орто Азияда гозонун баалуу сортторун өстүрүү мүмкүн экенин анык­таган. «Едил менен Каспий деңизинин деңгээ­линин өзгөрүшү» (1871), «Кол менен сугаруу жана аны Кавказ менен Орто Азияда колдонуу» (1884) ж. б. эмгектери Орто Азия ж-а Казакстан­дын географтарына зор таасирин тийгизген. Воейков климаттык ж-а географиялык кубулуштарды изилдөө үчүн биринчилерден болуп баланс методун кол­донгон. Анын эмгектери ''палеоклиматология, айыл чарба метеорологиясы, фенология'' илим­деринин негизин түзгөн. Воейковдун жетекчилиги м-н «Метеорологический вестник» журналы 1891–1935-жылдарда чыгып турган. Чет өлкөлүк (анын ичинде Россиянын) көптөгөн илимий коомдордун мүчөсү бол­гон. Санкт-Петербургдагы Башкы геофизикалык обсер­ваторияга Азия антициклонунун бир тармагы­на ж. б-га Воейковдун ысымы берилген.

Эмг.: Избр. соч. М.; Л., 1948–1957. Т. 1–4 (биографический очерк и список раб от).

Ад.: ''Тимашев А. К''. А. И. Воейков. М., 1957; Творцы отечественной науки. Географы. М., 1996; Казакстан Улуттук энциклопедиясы. 3-т. А., 1999. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||

Эмг.: Избр. соч. М.; Л., 1948–1957. Т. 1–4 (биографический очерк и список раб от). | |||

Ад.: ''Тимашев А. К''. А. И. Воейков. М., 1957; Творцы отечественной науки. Географы. М., 1996; Казакстан Улуттук энциклопедиясы. 3-т. А., 1999. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:23, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВОЕ́ЙКОВ Александр Иванович [8(20).5.1842, Москва – 28.1 (10.2).1916, Санкт-Петербург] – орус климатологу ж-а географы. Россияда климатология илимине негиз салуучулардын бири. Санкт-Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1910), философия илимдеринин доктору (1865) ж-а физикалык географиянын урматтуу доктору (1880), Санкт-Петербург университетинин профессору (1885). 1872–76-жылдарда Батыш Европага, Түндүк, Түштүк ж-а Борбордук Америкага, Индстанга, Кытайга, Цейлонго, Явага, Японияга саякат жасаган. 1912-жылы 70 жаш курагында Орто Азияга ж-а Казакстанга келип байкоо жүргүзгөн. Воейков көптөгөн илимий эмгектердин автору, анын ичинде эң негизгиси – «Жер шарынын, анын ичинде Россиянын климаты». Метеорологиялык кубулуштарды ж-а климат процесстерин изилдеген. Бул эмгеги үчүн Орус география коому Воейковду чоң алтын медалы м-н сыйлаган. Закавказьеде чай, цитрус өсүмдүктөрүн, Орто Азияда гозонун баалуу сортторун өстүрүү мүмкүн экенин аныктаган. «Едил менен Каспий деңизинин деңгээлинин өзгөрүшү» (1871), «Кол менен сугаруу жана аны Кавказ менен Орто Азияда колдонуу» (1884) ж. б. эмгектери Орто Азия ж-а Казакстандын географтарына зор таасирин тийгизген. Воейков климаттык ж-а географиялык кубулуштарды изилдөө үчүн биринчилерден болуп баланс методун колдонгон. Анын эмгектери палеоклиматология, айыл чарба метеорологиясы, фенология илимдеринин негизин түзгөн. Воейковдун жетекчилиги м-н «Метеорологический вестник» журналы 1891–1935-жылдарда чыгып турган. Чет өлкөлүк (анын ичинде Россиянын) көптөгөн илимий коомдордун мүчөсү болгон. Санкт-Петербургдагы Башкы геофизикалык обсерваторияга Азия антициклонунун бир тармагына ж. б-га Воейковдун ысымы берилген.
Эмг.: Избр. соч. М.; Л., 1948–1957. Т. 1–4 (биографический очерк и список раб от).
Ад.: Тимашев А. К. А. И. Воейков. М., 1957; Творцы отечественной науки. Географы. М., 1996; Казакстан Улуттук энциклопедиясы. 3-т. А., 1999.