ВОЗНЕСЕНСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВОЗНЕСЕ́НСКИЙ ''' | '''ВОЗНЕСЕ́НСКИЙ Андрей Андреевич''' (12.5.1933- жылы туулган, Москва) – орус акыны. Москвадагы ар­хитектура институтун бүтүргөн (1957). Чыгармачылыгы 1958-жылдан башталган. «Чеберлер» поэмасын­да (1959) жаңы ыкманы жаңы стилди жогорку чеберчиликте колдонуу м-н көркөм өнөргө кы­зыгуусу арткан. Акындын АКШга болгон иш сапарынан кийин жазылган «Үч бурчтуу алму­рут» поэмасынан «40 лирикалык чегинүү» жый­нагында (1962) сүрөткердин граждандык позициясы «заманга ылайык» сынга туш болгон. «Лон­жюмо» (1963), «Оза» (1964) поэмаларында адам­дардын жеке жашоо-турмушу тууралуу ой ­жүгүртүүсү чагылдырылган. Ошондой эле «Каршы дүй­нө» (1964), «Витраж жасоонун чебери» (1976), «Азгырык» (1978) аттуу поэмалардын ж-а ыр жыйнактардын автору. Вознесенский СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978). | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:10, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВОЗНЕСЕ́НСКИЙ Андрей Андреевич (12.5.1933- жылы туулган, Москва) – орус акыны. Москвадагы архитектура институтун бүтүргөн (1957). Чыгармачылыгы 1958-жылдан башталган. «Чеберлер» поэмасында (1959) жаңы ыкманы жаңы стилди жогорку чеберчиликте колдонуу м-н көркөм өнөргө кызыгуусу арткан. Акындын АКШга болгон иш сапарынан кийин жазылган «Үч бурчтуу алмурут» поэмасынан «40 лирикалык чегинүү» жыйнагында (1962) сүрөткердин граждандык позициясы «заманга ылайык» сынга туш болгон. «Лонжюмо» (1963), «Оза» (1964) поэмаларында адамдардын жеке жашоо-турмушу тууралуу ой жүгүртүүсү чагылдырылган. Ошондой эле «Каршы дүйнө» (1964), «Витраж жасоонун чебери» (1976), «Азгырык» (1978) аттуу поэмалардын ж-а ыр жыйнактардын автору. Вознесенский СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978).