ВОЙНИЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВО́ЙНИЧ ''' | '''ВО́ЙНИЧ Этель Лилиан''' (11.5.1864, Ирландия, Корк – 28.7.1960, Нью-Йорк) – англиялык жазуучу. Англиялык математик Ж. Булдун кызы, поляк ре­волюционери М. Войничтин аялы. 1887–89-жылдарда Россияда, 1920-жылдан Нью-Йоркто жашаган. Анын мыкты чыгармасы «Сайгак» (1897) рома­нында 19-кылымдын 30–40-жылдарындагы италиялык революционерлердин баатырдык образын түзгөн. Роман жаштардын бирден бир сүйүктүү китеп­теринен болуп, спектакль, фильм, опералардын адабий негизи катары пайдаланылган. «Ж. Реймонд» (1901), «Оливия Лэтам» (1904), «Үзүлгөн достук» (1910), «Бут кийимиңди чеч» (1945) ат­туу романдардын да автору. Ал бир нече муз. чыгармаларды, анын ичинде «Вавилон» ораториясын (1948) жазган. М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь, Т. Г. Шевченко, Ф. М. Достоевскийдин чыгар­маларын англис тилине которгон. | ||
чыгармаларды, | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:20, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВО́ЙНИЧ Этель Лилиан (11.5.1864, Ирландия, Корк – 28.7.1960, Нью-Йорк) – англиялык жазуучу. Англиялык математик Ж. Булдун кызы, поляк революционери М. Войничтин аялы. 1887–89-жылдарда Россияда, 1920-жылдан Нью-Йоркто жашаган. Анын мыкты чыгармасы «Сайгак» (1897) романында 19-кылымдын 30–40-жылдарындагы италиялык революционерлердин баатырдык образын түзгөн. Роман жаштардын бирден бир сүйүктүү китептеринен болуп, спектакль, фильм, опералардын адабий негизи катары пайдаланылган. «Ж. Реймонд» (1901), «Оливия Лэтам» (1904), «Үзүлгөн достук» (1910), «Бут кийимиңди чеч» (1945) аттуу романдардын да автору. Ал бир нече муз. чыгармаларды, анын ичинде «Вавилон» ораториясын (1948) жазган. М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь, Т. Г. Шевченко, Ф. М. Достоевскийдин чыгармаларын англис тилине которгон.