ВОЛКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВО́ЛКОВ ''' | '''ВО́ЛКОВ Геннадий Никандрович''' (31.10.1927-жылы туулган, Чуваш АССРи) — педагог, этнопедагогика илиминин негиз салуучусу. Педагогика илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), СССР педагогика ИАнын (1989), Россия ИАнын, Социалдык ж-а педагогика ИАнын академиги. Чуваш педагогика институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1949). «Эт­нопедагогика» (1974, 2000) аттуу илимий эмгеги – болочок мугалимдер үчүн жазылган негизги эм­гектеринин бири. Анда окутуу-тарбиялоонун улуттук, аймактык ж-а маданий-этникалык бөтөнчөлүгүн, элдик педагогиканын улуттук ж-а жалпы адамзаттык маңызын, анын калып­тануу жолун, өбөлгөлөрүн, методикалык ыкма­ларын, каражаттарын, учурдагы абалын, окуу ­тарбия ишин этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү масе­лелерин чагылдырган. «Письма о “Манасе”», «Со­звездия земли» (1979), «Педагогика жизни» (1989) ж. б. эмгектеринде ж-а бир катар мака­лаларында кыргыз элинин эпикалык чыгарма­ларындагы педагогикалык ойлорду изилдеген. «Манас» эпо­сундагы педагогикалык идеяларды даңазалаган. <br> | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:41, 3 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВО́ЛКОВ Геннадий Никандрович (31.10.1927-жылы туулган, Чуваш АССРи) — педагог, этнопедагогика илиминин негиз салуучусу. Педагогика илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), СССР педагогика ИАнын (1989), Россия ИАнын, Социалдык ж-а педагогика ИАнын академиги. Чуваш педагогика институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн (1949). «Этнопедагогика» (1974, 2000) аттуу илимий эмгеги – болочок мугалимдер үчүн жазылган негизги эмгектеринин бири. Анда окутуу-тарбиялоонун улуттук, аймактык ж-а маданий-этникалык бөтөнчөлүгүн, элдик педагогиканын улуттук ж-а жалпы адамзаттык маңызын, анын калыптануу жолун, өбөлгөлөрүн, методикалык ыкмаларын, каражаттарын, учурдагы абалын, окуу тарбия ишин этнопедагогикалык негизде өркүндөтүү маселелерин чагылдырган. «Письма о “Манасе”», «Созвездия земли» (1979), «Педагогика жизни» (1989) ж. б. эмгектеринде ж-а бир катар макалаларында кыргыз элинин эпикалык чыгармаларындагы педагогикалык ойлорду изилдеген. «Манас» эпосундагы педагогикалык идеяларды даңазалаган.