ВХУТЕМАС: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВХУТЕМА́С ''', | '''ВХУТЕМА́С ''', жогорку сүрөт-техни­калык өнөркана – 1920–1927-окуу жылдардагы Москва көркөм сүрөт окуу жайы. В. Строганов окуу жайы живопись, бедизчи­лик, зодчийлик окуу жайы менен бириктирилген­ден пайда болгон. Вхутемаста живопись, полиграфия, бедизчилик, архитектура, текстиль, керамика, жы­гач иштетүү, металл иштетүү факультеттери болгон. Вхутемастын программалары көркөм сүрөт искусствосу­нун идеялык-образдык мазмунун чечкиндүү жокко чыгарган формалисттик көркөм маданият институту тарабынан иштелип чыккан. Студенттер­дин массалык каршылык көрсөтүүсүнөн кийин гана Вхутемастын живопись факультетинде 1921-жылдын аягы, 1922-жылдын башында А. Е. Архиповдун, Д. Н. Кардовскийдин реалисттик өнөрканалары жана Д. А. Щербиновскийдин анатомия сүрөт өнөр­канасы пайда болгон. 1926–1927-окуу жылында Вхутемас ''Вхутеин'' болуп кайра түзүлгөн. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:55, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВХУТЕМА́С , жогорку сүрөт-техникалык өнөркана – 1920–1927-окуу жылдардагы Москва көркөм сүрөт окуу жайы. В. Строганов окуу жайы живопись, бедизчилик, зодчийлик окуу жайы менен бириктирилгенден пайда болгон. Вхутемаста живопись, полиграфия, бедизчилик, архитектура, текстиль, керамика, жыгач иштетүү, металл иштетүү факультеттери болгон. Вхутемастын программалары көркөм сүрөт искусствосунун идеялык-образдык мазмунун чечкиндүү жокко чыгарган формалисттик көркөм маданият институту тарабынан иштелип чыккан. Студенттердин массалык каршылык көрсөтүүсүнөн кийин гана Вхутемастын живопись факультетинде 1921-жылдын аягы, 1922-жылдын башында А. Е. Архиповдун, Д. Н. Кардовскийдин реалисттик өнөрканалары жана Д. А. Щербиновскийдин анатомия сүрөт өнөрканасы пайда болгон. 1926–1927-окуу жылында Вхутемас Вхутеин болуп кайра түзүлгөн.