ВЬЕНТЬЯН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЬЕНТЬЯ́Н '''– Лаостун борбор шаары. Меконг д-ндагы порт. Өзүнчө адм. бирдик. Калкы 199,9 миң (2006); калкынын саны б-ча Индикытай­дагы эң ири өлкө. Эларалык аэропорту бар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Өлкөнүн ири финансы ж-а соода-өнөржай борбору. Кус­тардык өнөржайы басымдуу; күрүч актоочу, жи­бек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөр­жай өндүрүшү иштейт. Көркөм колөнөрчүлүк өнүккөн. Ун-т (1958), элдик улуттук музыка ж-а бий мектеби (1992), калк китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16–18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамл-нин (үзгүлтүк м-н), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 1946– 75-ж. Лаос королдугунун, 1975-жылдын декаб­
'''ВЬЕНТЬЯ́Н '''– Лаостун борбор шаары. Меконг дарыясындагы порт. Өзүнчө административдик бирдик. Калкы 199,9 миң (2006); калкынын саны боюнча Индикытай­дагы эң ири өлкө. Эл аралык аэропорту бар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Өлкөнүн ири финансы жана соода-өнөр жай борбору. Кус­тардык өнөр жайы басымдуу; күрүч актоочу, жи­бек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөр ­жай өндүрүшү иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет (1958), элдик улуттук музыка жана бий мектеби (1992), калк китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16–18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамлекетинин (үзгүлтүк менен), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 1946– 1975-жылдарда Лаос королдугунун, 1975-жылдын декабрынан Лаостун борбору.
[[File:ВЬЕНТЬЯН77.png | thumb | Ват Сисакет храмы. 1820.]]
[[File:ВЬЕНТЬЯН77.png | thumb | Ват Сисакет храмы. 1820.]]
рынан Лаостун борбору. Арх-ра эстеликтери: Фра-Кео (1565), ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), ко­ролдор сарайы ж. б.  
Архитектура эстеликтери: Фра-Кео (1565), Ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), ко­ролдор сарайы жана башкалар.  
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]
[[Category: 2-том, 500-554 бб]]

05:37, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

ВЬЕНТЬЯ́Н – Лаостун борбор шаары. Меконг дарыясындагы порт. Өзүнчө административдик бирдик. Калкы 199,9 миң (2006); калкынын саны боюнча Индикытай­дагы эң ири өлкө. Эл аралык аэропорту бар. Маанилүү жолдор тоому. Деңиз порту. Өлкөнүн ири финансы жана соода-өнөр жай борбору. Кус­тардык өнөр жайы басымдуу; күрүч актоочу, жи­бек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөр ­жай өндүрүшү иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет (1958), элдик улуттук музыка жана бий мектеби (1992), калк китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16–18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамлекетинин (үзгүлтүк менен), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 1946– 1975-жылдарда Лаос королдугунун, 1975-жылдын декабрынан Лаостун борбору.

Ват Сисакет храмы. 1820.

Архитектура эстеликтери: Фра-Кео (1565), Ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), ко­ролдор сарайы жана башкалар.