ВЬЕТНАМДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ВЬЕТНАМДАР93.png | thumb | none]] | [[File:ВЬЕТНАМДАР93.png | thumb | none]] | ||
[[File:ВЬЕТНАМДАР94.png | thumb | none]] | [[File:ВЬЕТНАМДАР94.png | thumb | none]] | ||
Таиланд, Лаос, Камбожа, АКШ, Франция, Кытай, Кана­да ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 62,15 млн адам, | Таиланд, Лаос, Камбожа, АКШ, Франция, Кытай, Кана­да ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 62,15 млн адам, анын ичинде Вьетнамда 61 млн (1992). Вьетнам тилинде сүйлөшөт. Буддисттер, като­ликтер, протестанттар ж-а жергиликтүү секталардын жолун туткандар да бар. Б. з. ч. 1-миң жыл­дыктын ортосунда эле Хонгха ж-а Сицзян д-нын боюнда вьет уруулары жашашкан (булардын арасында көп сандаган лаквьеттер тобу бол­гон). Вьетнамдардын ата-баба­лары б. з. ч. 4–3-кылымда Вьетнам ванланг уруулар со­юзунун негизин түзүшкөн, бирок алар­ды б. з. ч. 267-жылы тэйау уруулары талкалаган. Түндүк Вьетнамдын айма­гында алардын Аулак мамлекети пайда болгон. Ушул мезгилде тэйау урууларынын лаквьеттер м-н ассимиляцияла­нышы Вьетнамдардын калыптанышына алып келген. Б. з. ч. 207-жылы Аулак мамлекети лаквьеттердин б. з. ч. 111-жылы кытайлар басып алган Намвьет мамлекетинин курамына кошулган. Б. з. 10-кылымда кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында вьеттердин борборлош­кон, көз каранды эмес Дайвьет мамлекети пай­да болгон. 17–19-кылымда улуттук консолидация процесси жүрүп, 1804-жылы өлкө Вьетнам деп атал­ган. Узак тарыхый өнүгүүдөн кийин 20-кылымдын башында Вьетнамдар улут болуп түзүлгөн. Вьетнамдардын негиз­ги кесиби – дыйканчылык (шалынын 200 сор­тун, жүгөрү, күнжүт, чай ж. б. өстүрүшөт), мал чарбачылык ж-а балыкчылык. Вьетнамдар кыштакта­рында негизинен дубалы сокмо м-н саман ара­лаш топурактан, бамбуктан тургузулуп, чаты­ры пальма жалбырагы же күрүчтүн саманы м-н жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийим­дери – кездемеден (пахтадан согулган) тигилген кемсел, кара түстөгү шым, пальма жалбырагы­нан өрүлгөн калпак, майрам күндөрү ачык түстүү жибектен тигилген халат-көйнөк (аозай) кийи­шет. Айыл жерлеринде жылаңаяк, кээде өрүлгөн сандалчан жүрүшөт. Тамак-ашы негизинен күрүч, жашылча, балык азыктары, этти майрам күндөрү гана жешет. Негизги суусундугу – чай. Вьетнамдарда тишти кара боёк м-н боёп, бетел чайнаган салты болгон. Маанилүү майрамы – Тэт (жаңы жыл), тет-чунг тху (күз майрамы). Майрамдар­да селкинчек тээп көңүл ачышат, короз согуш­туруу, кайык жарыштыруу ж. б. оюндары бар. Азыркы мезгилде Вьетнамдар өнөр жай ж-а транспорт тар­мактарында иштешип, европа үлгүсүндөгү кий­имдерди кийишет. ''Ш. Керимова.'' | ||
''Ш. Керимова.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
10:18, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЬЕТНАМДАР (өздөрүн кинь, вьет деп аташат) – эл, Вьетнамдын негизги калкы.


Таиланд, Лаос, Камбожа, АКШ, Франция, Кытай, Канада ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 62,15 млн адам, анын ичинде Вьетнамда 61 млн (1992). Вьетнам тилинде сүйлөшөт. Буддисттер, католиктер, протестанттар ж-а жергиликтүү секталардын жолун туткандар да бар. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунда эле Хонгха ж-а Сицзян д-нын боюнда вьет уруулары жашашкан (булардын арасында көп сандаган лаквьеттер тобу болгон). Вьетнамдардын ата-бабалары б. з. ч. 4–3-кылымда Вьетнам ванланг уруулар союзунун негизин түзүшкөн, бирок аларды б. з. ч. 267-жылы тэйау уруулары талкалаган. Түндүк Вьетнамдын аймагында алардын Аулак мамлекети пайда болгон. Ушул мезгилде тэйау урууларынын лаквьеттер м-н ассимиляцияланышы Вьетнамдардын калыптанышына алып келген. Б. з. ч. 207-жылы Аулак мамлекети лаквьеттердин б. з. ч. 111-жылы кытайлар басып алган Намвьет мамлекетинин курамына кошулган. Б. з. 10-кылымда кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында вьеттердин борборлошкон, көз каранды эмес Дайвьет мамлекети пайда болгон. 17–19-кылымда улуттук консолидация процесси жүрүп, 1804-жылы өлкө Вьетнам деп аталган. Узак тарыхый өнүгүүдөн кийин 20-кылымдын башында Вьетнамдар улут болуп түзүлгөн. Вьетнамдардын негизги кесиби – дыйканчылык (шалынын 200 сортун, жүгөрү, күнжүт, чай ж. б. өстүрүшөт), мал чарбачылык ж-а балыкчылык. Вьетнамдар кыштактарында негизинен дубалы сокмо м-н саман аралаш топурактан, бамбуктан тургузулуп, чатыры пальма жалбырагы же күрүчтүн саманы м-н жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийимдери – кездемеден (пахтадан согулган) тигилген кемсел, кара түстөгү шым, пальма жалбырагынан өрүлгөн калпак, майрам күндөрү ачык түстүү жибектен тигилген халат-көйнөк (аозай) кийишет. Айыл жерлеринде жылаңаяк, кээде өрүлгөн сандалчан жүрүшөт. Тамак-ашы негизинен күрүч, жашылча, балык азыктары, этти майрам күндөрү гана жешет. Негизги суусундугу – чай. Вьетнамдарда тишти кара боёк м-н боёп, бетел чайнаган салты болгон. Маанилүү майрамы – Тэт (жаңы жыл), тет-чунг тху (күз майрамы). Майрамдарда селкинчек тээп көңүл ачышат, короз согуштуруу, кайык жарыштыруу ж. б. оюндары бар. Азыркы мезгилде Вьетнамдар өнөр жай ж-а транспорт тармактарында иштешип, европа үлгүсүндөгү кийимдерди кийишет. Ш. Керимова.