ВЭЛФЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
|||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЭЛФЕР '''(англ. welfer – жыргалчылык) – со­циалдык жардам көрсөтүүнүн америкалык системасы­на кирүүчү социалдык пособиенин аталышы. Ал ''бюджет'' каражаттарынан акча ''трансфертте­ри''‚ ошондой эле натуралай пособие түрүндө төлөнөт. Акча пособиелерине ''жакырчылык'' боюнча‚ үй-бүлө­лүк ж-а балдар пособиелери‚ анын ичинде көп бүлөлүү­лөргө пособие‚ баа субсидиялары ж. б. кирет. Натуралай пособиелер азык-түлүк жагынан жардамдан тышкары билим берүүдө‚ саламат­тык сактоодо‚ оорулууларга ж-а улгайгандарга акысыз кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Вэлферди да­йындоо ''кирешелердин'' ж-а ''мүлктүн'' өлчөмдөрүн текшерүүнү болжолдойт. Пособие бардык иш­теп тапкан кирешеси же/ж-а мүлкү ''тиричилик минумуму'' м-н аныкталуучу ''жакырчылык чеги'' деп аталган белгилүү деңгээлден бир аз гана жогору же ага барабар адамдарга берилет. Ти­ричилик минимуму «керектөө себетине» кирген бардык ''жыргалчылыктын наркы'' м-н белгиле­нет. Вэлфер алуучулардын кирешесинин өсүшү анын өлчөмүнүн азайышына негиз болот‚ ал эми ки­решелердин белгилүү бир деңгээлине жеткенде төлөө токтотулат. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
10:23, 4 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЭЛФЕР (англ. welfer – жыргалчылык) – социалдык жардам көрсөтүүнүн америкалык системасына кирүүчү социалдык пособиенин аталышы. Ал бюджет каражаттарынан акча трансферттери‚ ошондой эле натуралай пособие түрүндө төлөнөт. Акча пособиелерине жакырчылык боюнча‚ үй-бүлөлүк ж-а балдар пособиелери‚ анын ичинде көп бүлөлүүлөргө пособие‚ баа субсидиялары ж. б. кирет. Натуралай пособиелер азык-түлүк жагынан жардамдан тышкары билим берүүдө‚ саламаттык сактоодо‚ оорулууларга ж-а улгайгандарга акысыз кызмат көрсөтүүнү камтыйт. Вэлферди дайындоо кирешелердин ж-а мүлктүн өлчөмдөрүн текшерүүнү болжолдойт. Пособие бардык иштеп тапкан кирешеси же/ж-а мүлкү тиричилик минумуму м-н аныкталуучу жакырчылык чеги деп аталган белгилүү деңгээлден бир аз гана жогору же ага барабар адамдарга берилет. Тиричилик минимуму «керектөө себетине» кирген бардык жыргалчылыктын наркы м-н белгиленет. Вэлфер алуучулардын кирешесинин өсүшү анын өлчөмүнүн азайышына негиз болот‚ ал эми кирешелердин белгилүү бир деңгээлине жеткенде төлөө токтотулат.