БАЙЗАК Жаркынбай уулу: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙЗАК 1 '''Жаркынбай уулу, Б а й з а к б а ат ы р, Б а й з а к а ж ы (1833, Жумгал өрөөнү - 7. 9. 1914, Жумгал өрөөнү, Көгой деген жер) - чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого ж-а белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Б. кербендер м-н Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери м-н толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкен, Кокон, Са­маркан, Бухарага чейин барып, шаар калкы­нын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Б-ты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-ж. Россия импера­торлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль м-н сыйлаган. Мындан тышкары, Жалалабат, Нарын уезддеринин, казак, тажиктер м-н да чек ажыратууга катышкан. 1871-79-ж. Пишпек уез­диндеги Кулжыгач болушгугунун айылдарынын биринде бий, кийин ''болушка'' талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879-85-ж. эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин элүү башчы болгон. 1879-ж. 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгендиги үчүн» Россия императорлу­гунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал ''Шабдан'' баатыр­дын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору м-н чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, о. эле Шабдан м-н бирге Ош -Алай тарапка барышып, ''Курманжан даткага'' атайы жолугушуп, анын күйөөсү''Алым­бек датканын'' арбагына багыштап куран оку­туп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Б-тын да кол кабыш кыл­гандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруу­чу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-ж. октябрь айында 170 жыл­дыгы респ. деңгээлде белгиленип, анын алка­гында ил. конференция өткөрүлгөн. 1994-ж. мур­дагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган.
'''БАЙЗАК Жаркынбай уулу''', Б а й з а к б а ат ы р, Б а й з а к а ж ы (1833, Жумгал өрөөнү - 7. 9. 1914, Жумгал өрөөнү, Көгой деген жер) - чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого ж-а белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Байзак кербендер м-н Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери м-н толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкен, Кокон, Са­маркан, Бухарага чейин барып, шаар калкы­нын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-жылы Россия импера­торлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль м-н сыйлаган. Мындан тышкары, Жалал-Абад, Нарын уезддеринин, казак, тажиктер м-н да чек ажыратууга катышкан. 1871-79-жылдарда Пишпек уез­диндеги Кулжыгач болуштугунун айылдарынын биринде бий, кийин ''болушка'' талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879-85-жылдарда эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин элүү башчы болгон. 1879-жылы 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгендиги үчүн» Россия императорлу­гунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал ''Шабдан'' баатыр­дын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору м-н чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, ошондой эле Шабдан м-н бирге Ош-Алай тарапка барышып, ''Курманжан даткага'' атайы жолугушуп, анын күйөөсү ''Алым­бек датканын'' арбагына багыштап куран оку­туп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Байзактын да кол кабыш кыл­гандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруу­чу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-жылы октябрь айында 170 жыл­дыгы республикалык деңгээлде белгиленип, анын алка­гында илимий конференция өткөрүлгөн. 1994-жылы мур­дагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган.
''Д. Сапаралиев.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]


''Д. Сапаралиев.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

09:23, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЗАК Жаркынбай уулу, Б а й з а к б а ат ы р, Б а й з а к а ж ы (1833, Жумгал өрөөнү - 7. 9. 1914, Жумгал өрөөнү, Көгой деген жер) - чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого ж-а белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Байзак кербендер м-н Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери м-н толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкен, Кокон, Са­маркан, Бухарага чейин барып, шаар калкы­нын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-жылы Россия импера­торлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль м-н сыйлаган. Мындан тышкары, Жалал-Абад, Нарын уезддеринин, казак, тажиктер м-н да чек ажыратууга катышкан. 1871-79-жылдарда Пишпек уез­диндеги Кулжыгач болуштугунун айылдарынын биринде бий, кийин болушка талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879-85-жылдарда эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин элүү башчы болгон. 1879-жылы 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгендиги үчүн» Россия императорлу­гунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал Шабдан баатыр­дын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору м-н чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, ошондой эле Шабдан м-н бирге Ош-Алай тарапка барышып, Курманжан даткага атайы жолугушуп, анын күйөөсү Алым­бек датканын арбагына багыштап куран оку­туп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Байзактын да кол кабыш кыл­гандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруу­чу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-жылы октябрь айында 170 жыл­дыгы республикалык деңгээлде белгиленип, анын алка­гында илимий конференция өткөрүлгөн. 1994-жылы мур­дагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган.

Д. Сапаралиев.