БАЙКАЛ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙКАЛ ''', Б а й к ө л - Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү тузсуз көл; дүйнөдөгү эң терең көл. Бурят Республикасы м-н Иркут | '''БАЙКАЛ ''', Б а й к ө л - Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү тузсуз көл; дүйнөдөгү эң терең көл. Бурят Республикасы м-н Иркут облусунда. Аянты 31,7 миң ''км''<sup>2</sup>. Узундугу 636 ''км'', орточо жазылы­гы 48 ''км''. Тереңдиги 1640 м.. Көлөмү 23,6 миң ''км''<sup>3</sup> (тузсуз суулардын дүйнөлүк за­пасынын <sup>1</sup>/<sub>5</sub>ине жакыны) түзөт. Иркут ГЭСи­нин тосмосунун (плотинасынын) курулушунан | ||
[[File:БАЙКАЛ10.png | thumb | Байкал көлүн тегеренген темиржол.]] | [[File:БАЙКАЛ10.png | thumb | Байкал көлүн тегеренген темиржол.]] | ||
көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз | көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 456,3 ''м''. Ири булуңдары - Баргуза, Чи­биркуй, Провал; колтуктары - Аяя ж-а Фро­лиха, жарым аралы - Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили м-н суу астында калат), эң ириси - Ольхон (аянты 730 ''км'' <sup>2</sup>дей). Тектоникалык кыймылдан пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин ж-а түбүнүн айрым жерле­ринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара ж-а Турка. Көлдөн Ангара дарыясы агып чыгат. Январдан майга чейин тоңот. Байкалдын аймагына жергиликтүү шамалдардын татаал системасы мүнөздүү: Ольхон аралынын аймагында түндүк-батыш­тан - сарма, түндүк-чыгыштан - баргуза, түштүк-батыштан - култук шамалдары согуп турат. Шамалдан пайда болуп, ары-бери сүрүлгөн тол­кундар 5 ''м'' ге чейин көтөрүлөт. Суунун температурасы (үстүнкү катмарында) августта 9-12°С, жээгинде кээде 20°Сге чейин. Көлдүн суусу абдан тунук­тугу (40 ''м'' ге чейин; Ангаранын башын кошпо­гондо) м-н айырмаланат. Бул жерде өсүмдүктөр­дүн ж-а жаныбарлардын 1800дөй түрү бар, анын көпчүлүгү эндемиктер (байкал нерпасы, букачар, тирүү туучу голомянка балыгы ж. б.). Тоолуу кооз жээктери ийне жалбырактуу токой м-н каптал­ган. Балык (омуль, хариус) кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинен Слюдянка, Байкальск, Севе­ро-Байкальск, Бабушкин ш., Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Ху­жир ж. б. порттор м-н калктуу пункттар орун алган. Листвянка шаарчасында Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн лимнология институту, Чоң Коты шаарчасында Иркут институтунун гидробиология станциясы иштейт. Байкалдын түндүк-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет. Көлдүн ай­ланасы туризм, эс алуу үчүн мааниси зор. Антро­погендик таасирден Байкалдын экологиялык абалы кыйла начарлаган; табигый комплексти калыбына келтирүү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жа­тат. Байкал ''Бүткүл Дүйнөлүк мурас'' тизмесине кир­гизилген. | ||
Ад''.: Берг Л. С.'' Байкал, его природа и значение в народном хозяйстве. М., 1978; ''Россолимо Л. Л.'' Байкал. М., 1966; ''Давыдова М. И., Раковская Ә. М., Тушинский Г. К.'' Физическая география СССР. Т. 2. Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990; ''Грачёв М. А.'' О современном состоянии экологической системы озера Байкал. Новосиб., 2002. | |||
''Ө. Бараталиев.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:57, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙКАЛ , Б а й к ө л - Чыгыш Сибирдин түштүгүндөгү тузсуз көл; дүйнөдөгү эң терең көл. Бурят Республикасы м-н Иркут облусунда. Аянты 31,7 миң км2. Узундугу 636 км, орточо жазылыгы 48 км. Тереңдиги 1640 м.. Көлөмү 23,6 миң км3 (тузсуз суулардын дүйнөлүк запасынын 1/5ине жакыны) түзөт. Иркут ГЭСинин тосмосунун (плотинасынын) курулушунан

көлдүн деңгээли бир аз жогорулаган. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 456,3 м. Ири булуңдары - Баргуза, Чибиркуй, Провал; колтуктары - Аяя ж-а Фролиха, жарым аралы - Ыйык Тумшук. 27 аралы бар (алардын бешөө мезгил-мезгили м-н суу астында калат), эң ириси - Ольхон (аянты 730 км 2дей). Тектоникалык кыймылдан пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр тез-тез болуп турат, жээктеринин ж-а түбүнүн айрым жерлеринин төмөндөп кетиши байкалат. Көлгө 336 дарыя куят; эң ирилери: Селенга, Баргуза, Жогорку Ангара ж-а Турка. Көлдөн Ангара дарыясы агып чыгат. Январдан майга чейин тоңот. Байкалдын аймагына жергиликтүү шамалдардын татаал системасы мүнөздүү: Ольхон аралынын аймагында түндүк-батыштан - сарма, түндүк-чыгыштан - баргуза, түштүк-батыштан - култук шамалдары согуп турат. Шамалдан пайда болуп, ары-бери сүрүлгөн толкундар 5 м ге чейин көтөрүлөт. Суунун температурасы (үстүнкү катмарында) августта 9-12°С, жээгинде кээде 20°Сге чейин. Көлдүн суусу абдан тунуктугу (40 м ге чейин; Ангаранын башын кошпогондо) м-н айырмаланат. Бул жерде өсүмдүктөрдүн ж-а жаныбарлардын 1800дөй түрү бар, анын көпчүлүгү эндемиктер (байкал нерпасы, букачар, тирүү туучу голомянка балыгы ж. б.). Тоолуу кооз жээктери ийне жалбырактуу токой м-н капталган. Балык (омуль, хариус) кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинен Слюдянка, Байкальск, Северо-Байкальск, Бабушкин ш., Байкал, Танхой, Выдрино, Усть-Баргуза, Нижнеангарск, Хужир ж. б. порттор м-н калктуу пункттар орун алган. Листвянка шаарчасында Россия ИАнын Сибирь бөлүмүнүн лимнология институту, Чоң Коты шаарчасында Иркут институтунун гидробиология станциясы иштейт. Байкалдын түндүк-чыгыш бөлүгү Баргуза коругуна кирет. Көлдүн айланасы туризм, эс алуу үчүн мааниси зор. Антропогендик таасирден Байкалдын экологиялык абалы кыйла начарлаган; табигый комплексти калыбына келтирүү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Байкал Бүткүл Дүйнөлүк мурас тизмесине киргизилген.
Ад.: Берг Л. С. Байкал, его природа и значение в народном хозяйстве. М., 1978; Россолимо Л. Л. Байкал. М., 1966; Давыдова М. И., Раковская Ә. М., Тушинский Г. К. Физическая география СССР. Т. 2. Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990; Грачёв М. А. О современном состоянии экологической системы озера Байкал. Новосиб., 2002.
Ө. Бараталиев.