БАЙМЫРЗА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙМЫРЗА '''Хайт (17. 12. 1917-ж. т., Өзбекстан, Наманган аймагы) - түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги О. Азия ун-тинин тарых ф-тин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) ун-тин (1950) бү­түргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-ж. Слуцк ш-нын алдындагы салгылашуу­да туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-ж. жазында ''Түркстан ле­гионуна'' кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Б. да болгон. Согуш аяктагандан ки­йин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-ж. «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөт­төрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын ил. эмгектери, а. и. 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылы­на улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин та­рыхын жацыча көзкараш м-н чагылдырууга ара­кеттенген. «Түркстандын экономикалык масе­лелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстан­дагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Ала­шордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Б. АКШ, Улуу Британия, Түркия ун-ттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-ж. Б. «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-ж. анын жетекчилиги м-н АКШда М. ''Чо кайдын'' 100 жылдыгы белгиленген.
'''БАЙМЫРЗА Хайт''' (17. 12. 1917-жылы  туулган, Өзбекстан, Наманган аймагы -- 31. 10. 2006, Германия). - түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бү­түргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-жылы Слуцк шаарынын алдындагы салгылашуу­да туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-жылы жазында ''Түркстан ле­гионуна'' кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон. Согуш аяктагандан ки­йин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-жылы «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөт­төрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылы­на улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин та­рыхын жаңыча көз караш м-н чагылдырууга ара­кеттенген. «Түркстандын экономикалык масе­лелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстан­дагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Ала­ш ордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Баймырза АКШ, Улуу Британия, Түркия университеттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-жылы Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-жылы анын жетекчилиги м-н АКШда М. ''Чокайдын'' 100 жылдыгы белгиленген.
''А Кубатова.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]


''А Кубатова.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

07:32, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЙМЫРЗА Хайт (17. 12. 1917-жылы туулган, Өзбекстан, Наманган аймагы -- 31. 10. 2006, Германия). - түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги Орто Азия университетинин тарых факультетин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) университетин (1950) бү­түргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-жылы Слуцк шаарынын алдындагы салгылашуу­да туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-жылы жазында Түркстан ле­гионуна кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Баймырза да болгон. Согуш аяктагандан ки­йин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-жылы «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөт­төрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылы­на улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин та­рыхын жаңыча көз караш м-н чагылдырууга ара­кеттенген. «Түркстандын экономикалык масе­лелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстан­дагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Ала­ш ордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Баймырза АКШ, Улуу Британия, Түркия университеттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-жылы Баймырза «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-жылы анын жетекчилиги м-н АКШда М. Чокайдын 100 жылдыгы белгиленген.

А Кубатова.