БАЗИЛИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЗИЛИКА '''( | '''БАЗИЛИКА '''(грекче Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана ''апсида'' менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы Базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында Базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен Базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык Базиликалар бай мозаика менен кооздолгон ж-а IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган. | ||
[[Файл:Базилика.jpg|left|thumb|220x220px|Базилика]] | |||
[[Файл:Париж.jpg|center|thumb|281x281px|Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы]] | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
05:35, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЗИЛИКА (грекче Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгайлуу болгон; ортоңку неф (эреже катары капталдагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жайгашкан. Эң алгачкы Базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында Базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши менен Базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык Базиликалар бай мозаика менен кооздолгон ж-а IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.

