БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ ''' | '''БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ ''' Ал­гачкы жамааттык коомдо эле адамдар өз ара өзүлөрүндө болгон буюмдарды башка керектүү буюмга алмашышкан. Мындай жөнөкөй алма­шуу акча-товар мамилелеринин алгачкы белги­леринин пайда болушуна түрткү болгон. Уруу­лар арасында тери, сөөк ж-а курал жасоого ың­гайлуу таш тектерин алмашышкан. Кийин ал­машууда көп колдонулган товарлардын түрлөрү келип чыккан. 18-кылымга чейин Инди океанынын жээктеринде алмашуу товары катары каури үлүлдөрү кызмат кылган. Алардын негизинде өзгөчө акча системасы иштелип чыккан. Мисалы, Африка аймагында жипке тизилген 40 каури­ден турган «боо» деп аталган акча системасы болгон. 50 боо бир «башты» (2000 каури) түзгөн. Тышкы соодада 3 баш бир долларга тете болгон. Меланезияда акча катары акула тиши, Калимантанада уйдун башы, Түндүк Америка ин­деецтеринде вампун (раковинадан, үлүлдөн ти­зилип жасалган) курлары, Африкада пилдин сөөгү, кырдуу туз сыныктары, Монголияда таш чай (такта чай), байыркы кыргыздарда тыйын чычкандын териси (тыйын деген ушундан калган) колдонулган. Адамзат тыйын чыкканга чейин тыйындын милдетин аткарган жүздөн ашык нерсени пайдаланышкан. Ар кандай көлөмдөгү куйма металлдар товар алмашууда тез орун алган. Себеби ал бузулбайт, көп орун­ду ээлебейт, сактаганга ж-а алып жүргөнгө өтө ыңгайлуу. Кийинчерээк соодада орчундуу орун­ду алтын, күмүш ээлейт. Алардан алгачкы ты­йындар жасала баштайт. Тыйындын мекени Кичи Азиядагы Лидия эсептелет. Биринчи ты­йындар б. з. ч. 7-кылымдан белгилүү. Кыргызстанда эң байыркы товар алмашуу мамилесин коло доо­рунун айрым эстеликтери аркылуу баамдайбыз. 1958-жылы Сокулуктан б. з. ч. 2-миң жылдыкка тиешелүү 17 коло орогунун тобу табылган. Орок­торду жергиликтүү уста жасаганы эч талашсыз ж-а алар алмашуу үчүн жасалган деп болжоого болот. | ||
''К. Табалдиев.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
07:59, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙЫРКЫ АКЧА-ТОВАР МАМИЛЕЛЕРИ Алгачкы жамааттык коомдо эле адамдар өз ара өзүлөрүндө болгон буюмдарды башка керектүү буюмга алмашышкан. Мындай жөнөкөй алмашуу акча-товар мамилелеринин алгачкы белгилеринин пайда болушуна түрткү болгон. Уруулар арасында тери, сөөк ж-а курал жасоого ыңгайлуу таш тектерин алмашышкан. Кийин алмашууда көп колдонулган товарлардын түрлөрү келип чыккан. 18-кылымга чейин Инди океанынын жээктеринде алмашуу товары катары каури үлүлдөрү кызмат кылган. Алардын негизинде өзгөчө акча системасы иштелип чыккан. Мисалы, Африка аймагында жипке тизилген 40 кауриден турган «боо» деп аталган акча системасы болгон. 50 боо бир «башты» (2000 каури) түзгөн. Тышкы соодада 3 баш бир долларга тете болгон. Меланезияда акча катары акула тиши, Калимантанада уйдун башы, Түндүк Америка индеецтеринде вампун (раковинадан, үлүлдөн тизилип жасалган) курлары, Африкада пилдин сөөгү, кырдуу туз сыныктары, Монголияда таш чай (такта чай), байыркы кыргыздарда тыйын чычкандын териси (тыйын деген ушундан калган) колдонулган. Адамзат тыйын чыкканга чейин тыйындын милдетин аткарган жүздөн ашык нерсени пайдаланышкан. Ар кандай көлөмдөгү куйма металлдар товар алмашууда тез орун алган. Себеби ал бузулбайт, көп орунду ээлебейт, сактаганга ж-а алып жүргөнгө өтө ыңгайлуу. Кийинчерээк соодада орчундуу орунду алтын, күмүш ээлейт. Алардан алгачкы тыйындар жасала баштайт. Тыйындын мекени Кичи Азиядагы Лидия эсептелет. Биринчи тыйындар б. з. ч. 7-кылымдан белгилүү. Кыргызстанда эң байыркы товар алмашуу мамилесин коло доорунун айрым эстеликтери аркылуу баамдайбыз. 1958-жылы Сокулуктан б. з. ч. 2-миң жылдыкка тиешелүү 17 коло орогунун тобу табылган. Орокторду жергиликтүү уста жасаганы эч талашсыз ж-а алар алмашуу үчүн жасалган деп болжоого болот.
К. Табалдиев.