БАЙЫРКЫ ТҮРК ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЫРКЫ ТҮРК ТИЛДЕРИ '''- Азиядагы көптөгөн түрк элдеринин тили. | '''БАЙЫРКЫ ТҮРК ТИЛДЕРИ '''- Азиядагы көптөгөн түрк элдеринин тили. Байыркы түрк тилдерин мүнөздөгөн жазма эстеликтер Орхон, Енисей дарыяларынын боюнда, Кыргызстаннда Кочкор, Талас өрөөндөрүндө сак­талып калган. Бул тилдердин өзгөчөлүктөрү катары сөз башында: б-м, м-б, э-и, ш-с, с-ш, б-п, сөз ортосунда же аягында: р-й, й-з, р-т, з-с тыбыштарынын шайкеш келүүсү мүнөздүү бол­гон. Мисалы, бен-мен, биң-миң, баңа-мага, беш­бис - беш, таб-тап, ыд-ыт - жибер, бедиз-бедис, кооз, көркөм жана башка ушул сыяктуу. Грамматикасында да азыркы тилдерге салыштырмалуу жөндөмө мүчөлөрдө айырмачылыктар болгон. Мисалы, сиз+е-сизге, бар+мыш-барган, күмүш+иг­күмүштү, кызым+ын - кызымды жана башка ушул сыяктуу. .Байыркы түрк тилдерине VI–X кылымдарга тиешелүү байыркы уйгур жазма эстеликтери, X–XIII кылымдардагы манихей-уй­гур, будда-уйгур жана Караханиддер доорундагы араб тамгасындагы түрк жазма эстеликтери ки­рет. Фонетикалык, грамматикалык жана лексикалык өзгөчө­лүктөр негизинен азыркы түрк тилдеринде сакталган. Азыркы түрк тилдеринин Байыркы түрк тилдеринен обочолоно башташы узак мезгилдин натыйжа­сы катары кабыл алынат. Аларда окшош жана жакындык белгилердин сакталышы азыркы түрк тилдеринде да бирдей эмес. Мисалы, Байыркы түрк тилдеринде үндүүлөрдүн ээрчишүүсү кыргыз, алтай, хакас, тыва тилдериндегидей болсо, огуз тобундагы түрк тилдеринде атоочтуктун -мыш, -миш формалары башка түрк тилдеринде -ган, -ген формалары менен берилген. | ||
кооз, көркөм | |||
''С. Сыдыков''. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:13, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЙЫРКЫ ТҮРК ТИЛДЕРИ - Азиядагы көптөгөн түрк элдеринин тили. Байыркы түрк тилдерин мүнөздөгөн жазма эстеликтер Орхон, Енисей дарыяларынын боюнда, Кыргызстаннда Кочкор, Талас өрөөндөрүндө сакталып калган. Бул тилдердин өзгөчөлүктөрү катары сөз башында: б-м, м-б, э-и, ш-с, с-ш, б-п, сөз ортосунда же аягында: р-й, й-з, р-т, з-с тыбыштарынын шайкеш келүүсү мүнөздүү болгон. Мисалы, бен-мен, биң-миң, баңа-мага, бешбис - беш, таб-тап, ыд-ыт - жибер, бедиз-бедис, кооз, көркөм жана башка ушул сыяктуу. Грамматикасында да азыркы тилдерге салыштырмалуу жөндөмө мүчөлөрдө айырмачылыктар болгон. Мисалы, сиз+е-сизге, бар+мыш-барган, күмүш+игкүмүштү, кызым+ын - кызымды жана башка ушул сыяктуу. .Байыркы түрк тилдерине VI–X кылымдарга тиешелүү байыркы уйгур жазма эстеликтери, X–XIII кылымдардагы манихей-уйгур, будда-уйгур жана Караханиддер доорундагы араб тамгасындагы түрк жазма эстеликтери кирет. Фонетикалык, грамматикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөр негизинен азыркы түрк тилдеринде сакталган. Азыркы түрк тилдеринин Байыркы түрк тилдеринен обочолоно башташы узак мезгилдин натыйжасы катары кабыл алынат. Аларда окшош жана жакындык белгилердин сакталышы азыркы түрк тилдеринде да бирдей эмес. Мисалы, Байыркы түрк тилдеринде үндүүлөрдүн ээрчишүүсү кыргыз, алтай, хакас, тыва тилдериндегидей болсо, огуз тобундагы түрк тилдеринде атоочтуктун -мыш, -миш формалары башка түрк тилдеринде -ган, -ген формалары менен берилген.
С. Сыдыков.