БАЛДАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАК '''- 1) | '''БАЛДАК '''- 1) мүнүшкөрлөр кыраан кушту ууга алып чыкканда кондуруп жүрүүчү мүйүздөн же жыгачтан жасалган таяныч ача таякча. Балдактын төмөнкү учу көзөлүп, көк менен ээрдин кашына же аңчынын белиндеги жазы курга тикесинен бекитилет; 2) кылыч, канжар куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы; 3) буту майып адам­дар колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы би­риккен, жогору жагы эки ача болуп барып, бир карышча туура жыгачка ашталган таяк; 4) ой­мо, чийме, саймада колдонулчу бир же эки башы ачакейленген сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяк кап, табак ­кап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруу­чу жерлерде көбүрөөк колдонулат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:21, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛДАК - 1) мүнүшкөрлөр кыраан кушту ууга алып чыкканда кондуруп жүрүүчү мүйүздөн же жыгачтан жасалган таяныч ача таякча. Балдактын төмөнкү учу көзөлүп, көк менен ээрдин кашына же аңчынын белиндеги жазы курга тикесинен бекитилет; 2) кылыч, канжар куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы; 3) буту майып адамдар колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы бириккен, жогору жагы эки ача болуп барып, бир карышча туура жыгачка ашталган таяк; 4) оймо, чийме, саймада колдонулчу бир же эки башы ачакейленген сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяк кап, табак кап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруучу жерлерде көбүрөөк колдонулат.