БАЛДАР МУЗЫКАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАР МУЗЫКАСЫ '''- балдардын кабылдоо­суна | '''БАЛДАР МУЗЫКАСЫ '''- балдардын кабылдоо­суна жана аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө ыла­йыкталып жазылган музыкалык чыгарма. Балдар музыкасынын мыкты үлгүлөрү түзүлүшүнүн тактыгы, музыка ти­линин көркөмдүгү, поэтикалык каражаттары­нын жетимдүүлүгү жана мазмунунун таасирдүү­лүгү менен айырмаланат. П. И. Чайковский, Р. Шуман, А. К. Лядов, Б. Барток, С. С. Прокофьев, К. Молдобасанов жана башка композиторлор Балдар музыкасы жанрында классикалык чыгармаларды жаратыш­кан. Балдар театрларында коюлган оюндарда, балдар кино тасмаларында, радио композиция­ларда Балдар музыкасы маанилүү орунда. Кыргыздын «Бе­шик ыры», «Каркыра-турна» сыяктуу элдик ырлары менен катар А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, Ч. Жумаканов жана башка композиторлордун балдар үчүн ырлары, түрдүү жанрдагы чыгармалары белгилүү. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:12, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛДАР МУЗЫКАСЫ - балдардын кабылдоосуна жана аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө ылайыкталып жазылган музыкалык чыгарма. Балдар музыкасынын мыкты үлгүлөрү түзүлүшүнүн тактыгы, музыка тилинин көркөмдүгү, поэтикалык каражаттарынын жетимдүүлүгү жана мазмунунун таасирдүүлүгү менен айырмаланат. П. И. Чайковский, Р. Шуман, А. К. Лядов, Б. Барток, С. С. Прокофьев, К. Молдобасанов жана башка композиторлор Балдар музыкасы жанрында классикалык чыгармаларды жаратышкан. Балдар театрларында коюлган оюндарда, балдар кино тасмаларында, радио композицияларда Балдар музыкасы маанилүү орунда. Кыргыздын «Бешик ыры», «Каркыра-турна» сыяктуу элдик ырлары менен катар А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Т. Эрматов, Ч. Жумаканов жана башка композиторлордун балдар үчүн ырлары, түрдүү жанрдагы чыгармалары белгилүү.