БАКШЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАКШЫ '''- 1) өзбек, каракалпак, түркмөн элин­де дутар м-н өз ырларын ж-а элдик чыгарма­ларды аткарган ырчы. Алар музыка өнөрүн өнүктүрүүгө да салым кошкон; 2) түрк элдерин­де эмчи-домчу киши. Эркек ж-а аял Б-лар эки башка - Б. ж-а бүбү, же бүбү Б. деп аталышкан. Б-ны эл көзү ачык деп эсептешип, алар­дын Б-лык кыймыл-аракеттерине зор ишеним м-н мамиле кылышкан. Кыргыздардын ичин­деги Б-лык, көпчүлүк учурда Сибирде жаша­ган түрк элдеринин, о. эле өзбек, казак, уйгур­лардын Б-лыгына окшоп кетет. Ислам дини­нин тарашы м-н Б-лык биротоло жоголуп кет­пестен исламдын суфизм агымынын элементте­ри м-н аралашып, синкретикалык татаал көрү­нүшкө айланган. Б. бир жерде туруктуу жаша­бастан дубаналык кылган. Башына аккуунун жүнүнөн жасалган күлө же гүлө деп аталган баш кийим, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден ирет­сиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып жин-шайтандарды кууган. Б-ны ар кандай ооруларды дарылоодо, төрөттү же­ңилдетет (кыйналып, эстен танган аялга, боз үйдү айлана чуркап, добулбасын каккылап, кый­кырып үн салган) деген ишенимде чакырышкан. Калк арасында Б. өтө зор, бирок көзгө көрүнбө­гөн күчтөр м-н байланыш түзө алат ж-а алар­дын жардамы м-н оорулуу адамдарды сакайтат, кырсыкты, жин оорулуулардын жинин, тал­малуулардын талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалайт деген терең ишеним болгон. Зикир чалуу учурунда добулбас, камчы, бычак, тили жок коңгуроо, айрым мезгилде комуз, кылкыяк, оозкомуз колдонушкан. Оору­лууну көргөндө жиндерин, колдоочуларын чакырып чарк урган, жер-суудагы мазарлардын, олуя-машаяктардын аттарын кыйкырып атаган. Отту чоң жактырып, үстүнөн секирген. Отко орок, бычак салып, кыпкызыл болуп чыкканда тили м-н жалаган, үй-кепелерди тегерене жү­гүрүп, малдын үстүнө чыгып, астынан өткөн. Оорулуу кишини ары-бери аттап, аны ургула­ган. Эмдөөнүн ыгына карай оорулуунун дене­синдеги жамандык жинди кайсы бир жаныбар­га же буюмга, малга, канаттууларга, куурчак­ка «көчүргөн». Б-лар кара жиндүү ж-а ак жиндүү бакшы болуп бөлүнгөн. Бара-бара анын ролу төмөндөгөнү м-н алардын эмчи-домчулук касие­ти биртопко чейин сакталган. ''А. Көчкунов.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
[[Файл:Бакшы.jpg|thumb]]
'''БАКШЫ '''- 1) өзбек, каракалпак, түркмөн элин­де дутар менен өз ырларын жана элдик чыгарма­ларды аткарган ырчы. Алар музыка өнөрүн өнүктүрүүгө да салым кошкон; 2) түрк элдерин­де эмчи-домчу киши. Эркек жана аял Бакшылар эки башка - Бакшы жана бүбү, же бүбү Бакшы деп аталышкан. Бакшыны эл көзү ачык деп эсептешип, алар­дын Бакшылык кыймыл-аракеттерине зор ишеним менен мамиле кылышкан. Кыргыздардын ичин­деги Бакшылык, көпчүлүк учурда Сибирде жаша­ган түрк элдеринин, ошондой эле өзбек, казак, уйгур­лардын Бакшылыгына окшоп кетет. Ислам дини­нин тарашы менен Бакшылык биротоло жоголуп кет­пестен исламдын суфизм агымынын элементте­ри менен аралашып, синкретикалык татаал көрү­нүшкө айланган. Бакшы бир жерде туруктуу жаша­бастан дубаналык кылган. Башына ак-куунун жүнүнөн жасалган күлө же гүлө деп аталган баш кийим, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден ирет­сиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып жин-шайтандарды кууган. Бакшыны ар кандай ооруларды дарылоодо, төрөттү же­ңилдетет (кыйналып, эстен танган аялга, боз үйдү айлана чуркап, добулбасын каккылап, кый­кырып үн салган) деген ишенимде чакырышкан. Калк арасында Бакшы өтө зор, бирок көзгө көрүнбө­гөн күчтөр менен байланыш түзө алат жана алар­дын жардамы менен оорулуу адамдарды сакайтат, кырсыкты, жин оорулуулардын жинин, тал­малуулардын талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалайт деген терең ишеним болгон. Зикир чалуу учурунда добулбас, камчы, бычак, тили жок коңгуроо, айрым мезгилде комуз, кыл кыяк, ооз комуз колдонушкан. Оору­лууну көргөндө жиндерин, колдоочуларын чакырып чарк урган, жер-суудагы мазарлардын, олуя-машаяктардын аттарын кыйкырып атаган. Отту чоң жактырып, үстүнөн секирген. Отко орок, бычак салып, кыпкызыл болуп чыкканда тили менен жалаган, үй-кепелерди тегерене жү­гүрүп, малдын үстүнө чыгып, астынан өткөн. Оорулуу кишини ары-бери аттап, аны ургула­ган. Эмдөөнүн ыгына карай оорулуунун дене­синдеги жамандык жинди кайсы бир жаныбар­га же буюмга, малга, канаттууларга, куурчак­ка «көчүргөн». Бакшылар кара жиндүү жана ак жиндүү бакшы болуп бөлүнгөн. Бара-бара анын ролу төмөндөгөнү менен алардын эмчи-домчулук касие­ти бир топко чейин сакталган.


''А. Көчкунов.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

10:42, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАКШЫ - 1) өзбек, каракалпак, түркмөн элин­де дутар менен өз ырларын жана элдик чыгарма­ларды аткарган ырчы. Алар музыка өнөрүн өнүктүрүүгө да салым кошкон; 2) түрк элдерин­де эмчи-домчу киши. Эркек жана аял Бакшылар эки башка - Бакшы жана бүбү, же бүбү Бакшы деп аталышкан. Бакшыны эл көзү ачык деп эсептешип, алар­дын Бакшылык кыймыл-аракеттерине зор ишеним менен мамиле кылышкан. Кыргыздардын ичин­деги Бакшылык, көпчүлүк учурда Сибирде жаша­ган түрк элдеринин, ошондой эле өзбек, казак, уйгур­лардын Бакшылыгына окшоп кетет. Ислам дини­нин тарашы менен Бакшылык биротоло жоголуп кет­пестен исламдын суфизм агымынын элементте­ри менен аралашып, синкретикалык татаал көрү­нүшкө айланган. Бакшы бир жерде туруктуу жаша­бастан дубаналык кылган. Башына ак-куунун жүнүнөн жасалган күлө же гүлө деп аталган баш кийим, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден ирет­сиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып жин-шайтандарды кууган. Бакшыны ар кандай ооруларды дарылоодо, төрөттү же­ңилдетет (кыйналып, эстен танган аялга, боз үйдү айлана чуркап, добулбасын каккылап, кый­кырып үн салган) деген ишенимде чакырышкан. Калк арасында Бакшы өтө зор, бирок көзгө көрүнбө­гөн күчтөр менен байланыш түзө алат жана алар­дын жардамы менен оорулуу адамдарды сакайтат, кырсыкты, жин оорулуулардын жинин, тал­малуулардын талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалайт деген терең ишеним болгон. Зикир чалуу учурунда добулбас, камчы, бычак, тили жок коңгуроо, айрым мезгилде комуз, кыл кыяк, ооз комуз колдонушкан. Оору­лууну көргөндө жиндерин, колдоочуларын чакырып чарк урган, жер-суудагы мазарлардын, олуя-машаяктардын аттарын кыйкырып атаган. Отту чоң жактырып, үстүнөн секирген. Отко орок, бычак салып, кыпкызыл болуп чыкканда тили менен жалаган, үй-кепелерди тегерене жү­гүрүп, малдын үстүнө чыгып, астынан өткөн. Оорулуу кишини ары-бери аттап, аны ургула­ган. Эмдөөнүн ыгына карай оорулуунун дене­синдеги жамандык жинди кайсы бир жаныбар­га же буюмга, малга, канаттууларга, куурчак­ка «көчүргөн». Бакшылар кара жиндүү жана ак жиндүү бакшы болуп бөлүнгөн. Бара-бара анын ролу төмөндөгөнү менен алардын эмчи-домчулук касие­ти бир топко чейин сакталган.

А. Көчкунов.