БИОФИЛДЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
Белги: Undo |
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
|
13:34, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БИОФИЛДЕР , б и о ф и л ь э л е м е н т т е р и – биосферадагы тирүү организмдердин курамында кездешүүчү химиялык элементтер. Аларга С, О, Н, N, S, P, Fe сыяктуу 70ке жакын элемент кирет. Бул элементтер организмде тийиштүү өлчөмдөн аз кездешсе, адамдарды ар түрдүү ооруларга чалдыктырат. Мисалы, тоолуу аймакта йод элементинин жетишсиздиги богок оорусунун күч алышына, ал эми чөйрөнүн булганышынын негизинде кээ бир элементтердин ашыкча болушу итай-итай оорусунун өрчүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан биофилдердин организмдердин жашоо тиричилигинде мааниси зор болот.