БИОЭНЕРГЕТИКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) Белги: Reverted |
Белги: Undo |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' БИОЭНЕРГЕ́ТИКА''' | '''БИОЭНЕРГЕ́ТИКА – ''' 1) организмдердин тиричилик процесстеринде энергиянын өзгөрүшүн изилдөөчү илим; ''биологиянын'' бир тармагы. Бул багыттын башаты немец врачы Ю. Р. Майер тарабынан энергиянын сакталуу жана өзгөрүү закону ачылгандан башталган. Ал эми 1841-жылы энергиянын сакталуусу жана өзгөрүүсү адамдын организминде болуучу процесстерде изилденген. 2) Энергетиканын биологиялык отунду колдонууга негизделген түрү; калыбына келүүчү энергиянын булагы. Мисалы, биогаздын курамына метандын аралашмасы (60–70%) жана көмүр кычкыл газы (30–40%) кирет; ошондой эле кээде күкүрттүү суутек (3%ке чейин) кошулат. ''Биогаз'' атайын аппараттарда метандын кычкылдануусунан пайда болот.<br/>''У. Андашев.'' | ||
изилдөөчү илим; ''биологиянын'' бир тармагы. Бул багыттын башаты немец врачы Ю. Р. Майер тарабынан энергиянын сакталуу | [[Category: 2-том]] | ||
2) Энергетиканын | |||
[[Category: 2-том | |||
14:24, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БИОЭНЕРГЕ́ТИКА – 1) организмдердин тиричилик процесстеринде энергиянын өзгөрүшүн изилдөөчү илим; биологиянын бир тармагы. Бул багыттын башаты немец врачы Ю. Р. Майер тарабынан энергиянын сакталуу жана өзгөрүү закону ачылгандан башталган. Ал эми 1841-жылы энергиянын сакталуусу жана өзгөрүүсү адамдын организминде болуучу процесстерде изилденген. 2) Энергетиканын биологиялык отунду колдонууга негизделген түрү; калыбына келүүчү энергиянын булагы. Мисалы, биогаздын курамына метандын аралашмасы (60–70%) жана көмүр кычкыл газы (30–40%) кирет; ошондой эле кээде күкүрттүү суутек (3%ке чейин) кошулат. Биогаз атайын аппараттарда метандын кычкылдануусунан пайда болот.
У. Андашев.