БИОЭНЕРГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) Белги: Reverted |
Белги: Undo |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' БИОЭНЕ́РГИЯ''' | '''БИОЭНЕ́РГИЯ – ''' биологиялык системаларда энергияны кайра түзүү процесстеринин жыйындысы. Тирүү организм жана ''биосфера'' тиричилиги толугу менен күн энергиясынын үзгүлтүксүз келип турушу менен тыгыз байланышта. Жарык энергиясын фотосинтездөөчү организмдер кабыл алып, алар органикалык бирикмелер аденозинтрифосфор кислотасы (АТФ) түрүндө топтошот. Гетеротрофтуу организмдердин азыгы болгон органикалык бирикмелер СО<sub>2 </sub>жана Н<sub>2</sub>Ого чейин кычкылданат жана бошонгон энергия АТФти синтездөөдө колдонулат. АТФ клетка ичинде энергия ташуучу кызмат аткарат жана энергия алмашууда чоӊ мааниге ээ. АТФтин синтези ''фотосинтез, дем алуу'' жана ''ачуу'' процессинде бөлүнүп чыккан энергия аркылуу жана АДФти фосфорлоо жолу менен ишке ашат. Клеткадагы АТФтин гидролизи тиричилик аракеттерде (кыймыл, заттардын ташылышы, ''биосинтез'' ж. б.) энергия булагы катары кызмат аткарат. Тынч абалында АТФ клеткаларда энергияны топтоодо пайдаланылат. Клеткадагы энергиялык процесстерди окуп-үйрөнүү биохимия, биофизика, молекулалык биологиянын негизги маселеси болуп саналат.<br/>''Б. М. Женбаев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | |||
энергия АТФти синтездөөдө колдонулат. АТФ | |||
клетка ичинде энергия ташуучу кызмат | |||
14:25, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БИОЭНЕ́РГИЯ – биологиялык системаларда энергияны кайра түзүү процесстеринин жыйындысы. Тирүү организм жана биосфера тиричилиги толугу менен күн энергиясынын үзгүлтүксүз келип турушу менен тыгыз байланышта. Жарык энергиясын фотосинтездөөчү организмдер кабыл алып, алар органикалык бирикмелер аденозинтрифосфор кислотасы (АТФ) түрүндө топтошот. Гетеротрофтуу организмдердин азыгы болгон органикалык бирикмелер СО2 жана Н2Ого чейин кычкылданат жана бошонгон энергия АТФти синтездөөдө колдонулат. АТФ клетка ичинде энергия ташуучу кызмат аткарат жана энергия алмашууда чоӊ мааниге ээ. АТФтин синтези фотосинтез, дем алуу жана ачуу процессинде бөлүнүп чыккан энергия аркылуу жана АДФти фосфорлоо жолу менен ишке ашат. Клеткадагы АТФтин гидролизи тиричилик аракеттерде (кыймыл, заттардын ташылышы, биосинтез ж. б.) энергия булагы катары кызмат аткарат. Тынч абалында АТФ клеткаларда энергияны топтоодо пайдаланылат. Клеткадагы энергиялык процесстерди окуп-үйрөнүү биохимия, биофизика, молекулалык биологиянын негизги маселеси болуп саналат.
Б. М. Женбаев.