БАЛАСАГУН: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛАСАГУН '''- Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханиддер мамле­кетинин борбору. Шаар | '''БАЛАСАГУН '''- Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханиддер мамле­кетинин борбору. Шаар жөнүндө алгач маалымат берген араб автору ал-Мукаддаси Баласагун шаарынын башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндайт (10-кылым). Махмуд Кашгари­нин (11-кылым) «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздү­гүндө Баласагун шаары, ошондой эле Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилген. Ушул эле автордун картасында Баласагун Тараз шаарынын түштүгүнө жайгаштырылып, тоолор м-н курчалат. Ас-Самани (12-кылым) ж-а Якут (13-кылым) Баласагунду Кашкарга жакын жайгаштырат. 13-кылымдагы айрым авторлордун эмгектеринде шаар Чүй суусунун жээгинде жайгашкандыгы айты­лат. Абу-л-Фиданын (14-кылым) эмгегинде бул шаар­дын астрономиялык көрсөткүчтөрү берилген. Мухаммед Хайдар (17-кылым) Чүй суусунун боюндагы чоң шаар­дын мунара, медресе сыяктуу калдыктары сак­талган жерде имам Мухаммед Факих Баласагу­нинин мүрзөсүнүн үстүндө эстелик бар экендигин эскерген. Мунед Джим-Баши (17-кылым) Баласагунду Кашкардан алыс жерге жайгаштырып, анын астрономиялык көрсөткүчтөрүн берет. 11-кылымда Баласагун шаарын­да байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ой­чул Жусуп ''Баласагуни'' туулуп-өскөндүгү бел­гилүү. Тарыхчылар В. Бартольд, А. Бернштам ж-а кыргыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, 3. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтар­га ж-а археологиялык табылгаларына таянышып, байыркы Баласагун азыркы Токмок шаарынын жанындагы Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаар­часынын уранды калдыгы Баласагун шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак-сарай ж-а бийик мунаралуу жамы мечит, анын жанынан көрүстөн орун алган ж-а соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж. б. болгон, ошондой эле элчиликтер жайгашкан. Шаар- | ||
[[File:БАЛАСАГУН45.png | thumb | Баласагун шаар калдыгынын урандылары.]] | [[File:БАЛАСАГУН45.png | thumb | Баласагун шаар калдыгынын урандылары.]] | ||
дын сырты чоподон согулган дубал м-н курчал­ган. 14- | дын сырты чоподон согулган дубал м-н курчал­ган. 14-кылымда ич ара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.<br>Ад.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973; ''Горячева В. Д.'' Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; ''Ө. Кара уулу.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Плоских В. М.'' Наш Кыргызстан. Б., 2004. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
Ад.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973; ''Горячева В. Д.'' Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; ''Ө. Кара уулу.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Плоских В. М.'' Наш Кыргызстан. Б., 2004. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
05:20, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛАСАГУН - Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханиддер мамлекетинин борбору. Шаар жөнүндө алгач маалымат берген араб автору ал-Мукаддаси Баласагун шаарынын башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндайт (10-кылым). Махмуд Кашгаринин (11-кылым) «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Баласагун шаары, ошондой эле Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилген. Ушул эле автордун картасында Баласагун Тараз шаарынын түштүгүнө жайгаштырылып, тоолор м-н курчалат. Ас-Самани (12-кылым) ж-а Якут (13-кылым) Баласагунду Кашкарга жакын жайгаштырат. 13-кылымдагы айрым авторлордун эмгектеринде шаар Чүй суусунун жээгинде жайгашкандыгы айтылат. Абу-л-Фиданын (14-кылым) эмгегинде бул шаардын астрономиялык көрсөткүчтөрү берилген. Мухаммед Хайдар (17-кылым) Чүй суусунун боюндагы чоң шаардын мунара, медресе сыяктуу калдыктары сакталган жерде имам Мухаммед Факих Баласагунинин мүрзөсүнүн үстүндө эстелик бар экендигин эскерген. Мунед Джим-Баши (17-кылым) Баласагунду Кашкардан алыс жерге жайгаштырып, анын астрономиялык көрсөткүчтөрүн берет. 11-кылымда Баласагун шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү белгилүү. Тарыхчылар В. Бартольд, А. Бернштам ж-а кыргыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, 3. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтарга ж-а археологиялык табылгаларына таянышып, байыркы Баласагун азыркы Токмок шаарынын жанындагы Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаарчасынын уранды калдыгы Баласагун шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак-сарай ж-а бийик мунаралуу жамы мечит, анын жанынан көрүстөн орун алган ж-а соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж. б. болгон, ошондой эле элчиликтер жайгашкан. Шаар-

дын сырты чоподон согулган дубал м-н курчалган. 14-кылымда ич ара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.
Ад.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973; Горячева В. Д. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; Ө. Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Плоских В. М. Наш Кыргызстан. Б., 2004.