БАЛГАРТ ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛГАРТ ТООСУ '''Тескей | '''БАЛГАРТ ТООСУ '''Тескей Ала-Тоодо; түндүгүнөн Үч-Эмчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөн­дөрү м-н чектешет. Жергиликтүү эл «Төнөк-Тоо» деп да атайт. Узундугу 45 ''км,'' туурасы 8-10 ''км,'' орточо бийиктиги 4000 ''м.'' Генезистик тиби - горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз м-н жылмалан­ган тайпак чокулар бар. Батышка карай би­йиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу ж-а мөңгүлүү, майда суулар м-н тил­меленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык ж-а нивалдык ланд­шафттар мүнөздүү. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
09:25, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛГАРТ ТООСУ Тескей Ала-Тоодо; түндүгүнөн Үч-Эмчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Жергиликтүү эл «Төнөк-Тоо» деп да атайт. Узундугу 45 км, туурасы 8-10 км, орточо бийиктиги 4000 м. Генезистик тиби - горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз м-н жылмаланган тайпак чокулар бар. Батышка карай бийиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу ж-а мөңгүлүү, майда суулар м-н тилмеленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык ж-а нивалдык ландшафттар мүнөздүү.