БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ '''Ички | '''БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ '''Ички Теңир-Тоодо. Жетим­-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору м-н курчалган. Кара-Саз, Буркан ж-а Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 ''км,'' эң жазы жери 7 ''км.'' Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700-3400 ''м''. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди ж-а бийик кашаттар м-н Арчалы суу­сунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу ж-а плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча - грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы -13...-14°С, жайы салкын, июл­дуку 8-9°С. Жылдык жаан-чачыны 300-400 ''мм.'' Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз ж-а Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык ж-а арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
09:32, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо. Жетим-Бел, Жетим, Үч-Эмчек тоолору м-н курчалган. Кара-Саз, Буркан ж-а Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Узундугу 82 км, эң жазы жери 7 км. Өрөөндүн деңиз деңгээлинен бийиктиги 2700-3400 м. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди ж-а бийик кашаттар м-н Арчалы суусунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борбордук бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу ж-а плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү боюнча - грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы -13...-14°С, жайы салкын, июлдуку 8-9°С. Жылдык жаан-чачыны 300-400 мм. Кара-Каман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуу-Суу, Арчалы, Жылаңач, Кара-Каман, Балгарт, Кара-Саз ж-а Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Балгарт өрөөнүндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык ж-а арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат.