БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ '''- балдарга өз аң­сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Б. к. Кырг-нда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-ж. М. В. Фрунзе атн. алгачкы борб. балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-ж. чейин Кырг-нда 5 гана Б. к. болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе обл.), Ош, Ысыккөл обл-нда ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке ж-а чыг-лык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын Б. к. уюш­турулган. 1954-ж. Фрунзе ш-нда Фрунзе обл. балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-ж. респ. балдар китепканасына айланган. 1972-ж. Б. к-нын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, а. и. 1967-ж. Ош обл. балдар китепканасы, 1972-ж. Нарын ж-а Пржевальск (азыркы Каракол) ш-нда, кийин 1980-ж. Талас ш-нда Б. к. ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-ж. Фрунзе ш-дык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-ж. ал Кыргыз ССР мамл. респ-лык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-ж. К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-ж. бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атн. Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин респ-нын коомдук турмушу жаңыланып, Б. к. көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130 Б. к-нын 45% жабылып, учурда 72 Б. к. мезгил талабына жараша балдарды эли­жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, мад-тын, иск-восун ж-а ад-тын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Б. к-нын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, ил., көркөм ад-ттар, гезит­журналдар м-н камсыздалган. ''С. Ишенов.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
'''БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ '''- балдарга өз аң­ сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Балдар китепканасы Кыргызстанда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-жылы М. В. Фрунзе атындагы алгачкы борбордук балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-жылга чейин Кыргызстанда 5 гана Балдар китепканасы болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе облусу), Ош, Ысык-Көл облустарында ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын Балдар китепканалары уюш­турулган. 1954-жылы Фрунзе шаарында Фрунзе облустук балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-жылы республикалык балдар китепканасына айланган. 1972-жылы  Балдар китепканаларынын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, анын ичинен 1967-жылы Ош облустук балдар китепканасы, 1972-жылы Нарын жана Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында, кийин 1980-жылы Талас шаарында  Балдар китепканалары ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-жылы Фрунзе шаардык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-жылы ал Кыргыз ССР мамлекеттик республикалык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-жылы К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-жылы бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин республиканын коомдук турмушу жаңыланып, Балдар китепканалары көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130 Балдар китепканаларынын 45% жабылып, учурда 72 Балдар китепканасы мезгил талабына жараша балдарды эли­ жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, маданиятын, искусствосун жана адабиятын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Балдар китепканасынын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, илимий, көркөм адабияттар, гезит­-журналдар менен камсыздалган.  


''С. Ишенов.''
[[Файл:Нарын.jpg|thumb|275x275px|Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана]]
[[Файл:Бала.jpg|left|thumb|258x258px|К. Баялинов атындагы китепкана]]
[[Файл:Ош.jpg|center|thumb|258x258px|Ош облустук Т. Мияшов атындагы балдар китепканасы]]
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

09:53, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЛДАР КИТЕПКАНАЛАРЫ - балдарга өз аң­ сезимин рухий жактан байытууга, илим негиз­дерин терең өздөштүрүүгө, китеп окуу мада­ниятын үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүчү өспүрүмдөр үчүн адистештирилген китептер топтомуна ээ мектептен тышкаркы мекеме. Балдар китепканасы Кыргызстанда 1930-жылдан уюштурула баштаган. 1934-жылы М. В. Фрунзе атындагы алгачкы борбордук балдар китеп­канасы ачылган. 1935-жылдан мектептерде, ки­йин массалык китепкана фондуларында балдар китептеринин фондуларын түзүү кеңири кулач жайган. 1946-жылга чейин Кыргызстанда 5 гана Балдар китепканасы болгон. Алардын үчөө Чүй (мурунку Фрунзе облусу), Ош, Ысык-Көл облустарында ачылган. Андан кийинки жылдары балдарды атуулдукка, эмгекке жана чыгармачылык ой жүгүртүүгө тарбиялап өстүрүүдө китепкананын таасирдүүлүгү эске алынып, райондордо, шаарларда атайын Балдар китепканалары уюш­турулган. 1954-жылы Фрунзе шаарында Фрунзе облустук балдар китепканасы түзүлгөн. Ал 1958-жылы республикалык балдар китепканасына айланган. 1972-жылы Балдар китепканаларынын жалпы саны 67 болсо, андан кийинки он жыл­да 106га жеткен, анын ичинен 1967-жылы Ош облустук балдар китепканасы, 1972-жылы Нарын жана Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында, кийин 1980-жылы Талас шаарында Балдар китепканалары ачылып, методикалык иштерди кеңири жайылтышкан. Балдарды китепканада тейлеп, массалык иштердин сапатын жогору­латкан. 1966-жылы Фрунзе шаардык «Ровестник» китепканасы ачылып, 1976-жылы ал Кыргыз ССР мамлекеттик республикалык өспүрүмдөр китепканасына айланган. Бул китепканага 1993-жылы К. Баялиновдун ысымы берилген. 1997-жылы бул эки китепкана бирик­тирилип, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы болуп түзүлгөн. Эгемендүүлүккө жетишкенден кийин республиканын коомдук турмушу жаңыланып, Балдар китепканалары көп өзгө­рүүгө дуушар болду. Финансылык жагдайга бай­ланыштуу 130 Балдар китепканаларынын 45% жабылып, учурда 72 Балдар китепканасы мезгил талабына жараша балдарды эли­ жерин сүйүүгө, эне тилин, тарыхын, маданиятын, искусствосун жана адабиятын кеңири үйрөнүп билүүгө ба­гытталган иш-пландарды жүргүзүшүүдө. Балдар китепканасынын фонду окурмандардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша коомдук-саясий, илимий, көркөм адабияттар, гезит­-журналдар менен камсыздалган.

С. Ишенов.

Нарын облустук С. Орозбаков атындагы китепкана
К. Баялинов атындагы китепкана
Ош облустук Т. Мияшов атындагы балдар китепканасы