БАЛЕТ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЕТ '''( | '''БАЛЕТ '''(французча Ьаііеі, итальянча Ьаііеііө) - ыргактуу кыймыл-аракет жана бий каражаттары аркылуу айтылуучу ойду, чыгарманын мазмунун угуу­чу-көрүүчүлөргө жеткире алган сахна өнөрү. Жалпы драматур­гиялык пландын (сценарийдин) не­гизинде Балет музы­каны, хореогра­фияны (бий, пан­томима), сүрөт өнөрүн (декора­ция, костюмдар, жарык берүү жана башкаларды) өзүнө камтыйт. Азыркы европалык Балет ''Кайра жаралуу'' доорунда пайда болгон. Туңгуч Балет спектакли Ита­лияда XV–XVI кылымдарда, | ||
Францияда XVI кылым­дын 2-жарымында (Б. Бальтазаринин «Короле­ванын комедия балети», 1581) жаралган. XVIII кылымда Англияда, Австрияда, кийинчерээк Францияда өз алдынча сахна өнөрү катары толук калып­танган жана таанылган. Россияда 1730-жылдан сахнада Балет оюндары үзгүлтүксүз коюла баштайт. Франция менен Россиядагы Балет өнөрүнүн табылга­лары романтикалуу Балеттин жаралышын шарт­тайт. Бара-бара бийдин жаңы түрлөрү, аялдар­дын аяк учу менен бийлеши пайда болот. Ушул багыттагы балеттик спектаклдердин бири – Адандын «Жизель» балети (1841). Балет XIX–XX кылымдарда ал­дыңкы өлкөлөрдө улуттук маданияттын өнүккөн түрүнө айланат. Композитор-симфониячылар­дын Балет өнөрүнө кайрылуусу маанилүү көрүнүш болгон, мисалы, П. И. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» (1890), «Щелкунчик» (1892; Л. Иванов менен бирге), А. Глазуновдун «Раймонда» (1898) балеттеринде музыкадагы ойлор менен сезимдер бий аркылуу туюнтулган. Б. Асафьевдин («Париж жалыны», «Бахчисарай фонтаны»), Р. М.Глиэрдин («Кызыл гүл»), А. И. Хачатуряндын («Гаянэ», «Спартак»), С. С. Прокофьевдин («Ромео жана Жульетта»), А. Крейндин («Лауренсия»), К. Караевдин («Жети сулуу») чыгармалары Балет өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Кыргызстанда Балет өнөрү классикалык бийди өздөштүрүүнүн, эл турмушун жана үрп-адатын үйрөнүүнүн неги­зинде келип чыккан. Кыргыздын туңгуч бийле­ри 1937-жылы «Алтын кыз» музыкалык драмасында жана «Айчүрөк» операсында (1939; балетмейстер Н. С. Холфин) колдонулган. «Анар» балети (1940) - кыргыздын улуттук Балет өнөрүнүн саама­лыгы. Кыргыз Балетинин өсүшүнө бийчилер Б. Бей­шеналиева, Р. Чокоева, Ч. Базарбаев, А. То­комбаева жана башкалар зор салым кошкон. Бий муга­лимдерин жана балетмейстерлерди Москвадагы А. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институту, Ле­нинграддагы Н. Римский-Корсаков атындагы консерватория, Кыргызстанда Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы даярдайт.[[File:БАЛЕТ51.png | thumb | К. Молдобасановдун «Саманчы жолу» балет-орато­риясынан көрүнүш.|left|381x381px]] | |||
<br>Ад.: ''Слонимский Ю. И.'' Советский балет. М.; Л., 1950; ''Львов Н''. Киргизский театр. М., 1953; ''Бруд­ншй Дм.'' Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Бибисара Бейшеналиева. Ф., 1974; ''Р. Уразгильдеев.'' Киргизский балет. Ф., 1983. | |||
''Р. Уразгильдеев.'' | |||
Ад.: ''Слонимский Ю. И.'' Советский балет. М.; Л., 1950; ''Львов Н''. Киргизский театр. М., 1953; ''Бруд­ншй Дм.'' Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Бибисара Бейшеналиева. Ф., 1974; ''Р. Уразгильдеев.'' Киргизский балет. Ф., 1983. | |||
''Р. Уразгильдеев.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
03:16, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛЕТ (французча Ьаііеі, итальянча Ьаііеііө) - ыргактуу кыймыл-аракет жана бий каражаттары аркылуу айтылуучу ойду, чыгарманын мазмунун угуучу-көрүүчүлөргө жеткире алган сахна өнөрү. Жалпы драматургиялык пландын (сценарийдин) негизинде Балет музыканы, хореографияны (бий, пантомима), сүрөт өнөрүн (декорация, костюмдар, жарык берүү жана башкаларды) өзүнө камтыйт. Азыркы европалык Балет Кайра жаралуу доорунда пайда болгон. Туңгуч Балет спектакли Италияда XV–XVI кылымдарда,
Францияда XVI кылымдын 2-жарымында (Б. Бальтазаринин «Королеванын комедия балети», 1581) жаралган. XVIII кылымда Англияда, Австрияда, кийинчерээк Францияда өз алдынча сахна өнөрү катары толук калыптанган жана таанылган. Россияда 1730-жылдан сахнада Балет оюндары үзгүлтүксүз коюла баштайт. Франция менен Россиядагы Балет өнөрүнүн табылгалары романтикалуу Балеттин жаралышын шарттайт. Бара-бара бийдин жаңы түрлөрү, аялдардын аяк учу менен бийлеши пайда болот. Ушул багыттагы балеттик спектаклдердин бири – Адандын «Жизель» балети (1841). Балет XIX–XX кылымдарда алдыңкы өлкөлөрдө улуттук маданияттын өнүккөн түрүнө айланат. Композитор-симфониячылардын Балет өнөрүнө кайрылуусу маанилүү көрүнүш болгон, мисалы, П. И. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» (1890), «Щелкунчик» (1892; Л. Иванов менен бирге), А. Глазуновдун «Раймонда» (1898) балеттеринде музыкадагы ойлор менен сезимдер бий аркылуу туюнтулган. Б. Асафьевдин («Париж жалыны», «Бахчисарай фонтаны»), Р. М.Глиэрдин («Кызыл гүл»), А. И. Хачатуряндын («Гаянэ», «Спартак»), С. С. Прокофьевдин («Ромео жана Жульетта»), А. Крейндин («Лауренсия»), К. Караевдин («Жети сулуу») чыгармалары Балет өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Кыргызстанда Балет өнөрү классикалык бийди өздөштүрүүнүн, эл турмушун жана үрп-адатын үйрөнүүнүн негизинде келип чыккан. Кыргыздын туңгуч бийлери 1937-жылы «Алтын кыз» музыкалык драмасында жана «Айчүрөк» операсында (1939; балетмейстер Н. С. Холфин) колдонулган. «Анар» балети (1940) - кыргыздын улуттук Балет өнөрүнүн саамалыгы. Кыргыз Балетинин өсүшүнө бийчилер Б. Бейшеналиева, Р. Чокоева, Ч. Базарбаев, А. Токомбаева жана башкалар зор салым кошкон. Бий мугалимдерин жана балетмейстерлерди Москвадагы А. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институту, Ленинграддагы Н. Римский-Корсаков атындагы консерватория, Кыргызстанда Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы даярдайт.

Ад.: Слонимский Ю. И. Советский балет. М.; Л., 1950; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Брудншй Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Бибисара Бейшеналиева. Ф., 1974; Р. Уразгильдеев. Киргизский балет. Ф., 1983.
Р. Уразгильдеев.