БАЛКАН СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛКАН СОЮЗУ '''(1912) - Болгария, Сербия, Грекия ж-а Черногориянын Түркияга, иш жү­зүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган со­гуштук-саясий биримдиги. 1912- | '''БАЛКАН СОЮЗУ '''(1912) - Болгария, Сербия, Грекия ж-а Черногориянын Түркияга, иш жү­зүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган со­гуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар со­гуштук конвенциялар ж-а келишимдер м-н то­лукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу м-н түзүлүп, Россия бул союздун жардамы м-н Австрия-Венгриянын ж-а Германиянын Балкан­га келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия м-н Франциянын өк­мөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын ж-а Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштү­рүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна ж-а Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара со­гушуна алып келген, к. ''Балкан согуштары (1912-13).'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
03:50, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛКАН СОЮЗУ (1912) - Болгария, Сербия, Грекия ж-а Черногориянын Түркияга, иш жүзүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган согуштук-саясий биримдиги. 1912-жылы бир катар согуштук конвенциялар ж-а келишимдер м-н толукталган. Балкан союзу Россиянын активдүү колдоосу м-н түзүлүп, Россия бул союздун жардамы м-н Австрия-Венгриянын ж-а Германиянын Балканга келишине тоскоол кылууга умтулган. Балкан союзун түзүү идеясын Англия м-н Франциянын өкмөттөрү да жактырышкан. 1912-жылы октябрда Балкан союзунун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын ж-а Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна ж-а Балкан союзунун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өз ара согушуна алып келген, к. Балкан согуштары (1912-13).