БАЛЛАДА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЛЛАДА '''(фр. Ьаііайе, лат. Ьаііо - бийлей­мин) - түрдүү поэтикалык ж-а муз. жанрлар­дын аталышы. О. кылымда роман элдеринин поэзиясында элдик бий м-н кошо аткарылуучу лирикалык хор ырлары Б. деп аталган. 13-к-да француз, италян профессионал поэзиясында Б. кеңири тараган. 14-15-к-дарда сюжетсиз лирикалык ырлар, о. кылымда Англияда тары­хый, фантастикалык, драмалык мазмундагы элдик сюжеттүү ырлар да Б. делген. Б. ''сентиментализм , романтизм, неоромантизм'' учу­рунда поэзиянын барктуу жанрларынан болгон (Р. Бёрнс, С. Т. Колриж, У. Блейк, Р. Киплинг - Англияда; Германияда - Г. Бюргер, Ф. Шиллер, Г. Гейне). 18-к-да Англияда комедиялык Б. - опера чыгармалары да жолугат. 19-к-дагы орус поэзиясында В. А. Жуковский, А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, А. К. Толстой, кийин Н. С. Тихонов, Э. Багрицкий ж. б. акындардын белгилүү Б-лары бар. Музыкада Б. көп учурда баатырдык ж-а баатырдык-эпикалык жанр катары өрчүгөн (мис., С. С. Прокофьевдин «Бел­гисиз бойдон калууну эңсеген бала жөнүндө баллада», А. Бабажаняндын фортепьяно м-н оркестр үчүн жазылган «Баатырдык балладасы» ж. б.). Вокалдык Б. жанры Германияда, Австрияда Ф. Шуберт, Р. Шуман, Й. Брамс ж-а Г. Вольфтун романтикалык чыгармаларында өнүккөн. Фортепьяно үчүн жазылган Б-лар да жолугат. Кыргыз ад-тында Б. тарыхый, фантастикалык окуяларды чагылдырат, адамдардын эрдиги, баатырдыгы да ырдалган (мис., А. То­комбаевдин «28 баатыр» аттуу чыгармасы). [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
'''БАЛЛАДА '''(французча Ьаllайdе, латынча Ьаllо - бийлей­мин) - түрдүү поэтикалык жана музыкалык жанрлар­дын аталышы. Орто кылымда роман элдеринин поэзиясында элдик бий менен кошо аткарылуучу лирикалык хор ырлары Баллада деп аталган. XIII кылымда француз, италян профессионал поэзиясында Баллада кеңири тараган. XIV–XV кылымдарда сюжетсиз лирикалык ырлар, орто кылымда Англияда тары­хый, фантастикалык, драмалык мазмундагы элдик сюжеттүү ырлар да Баллада делген. Баллада ''сентиментализм , романтизм, неоромантизм'' учу­рунда поэзиянын барктуу жанрларынан болгон (Р. Бёрнс, С. Т. Колриж, У. Блейк, Р. Киплинг - Англияда; Германияда - Г. Бюргер, Ф. Шиллер, Г. Гейне). XVIII кылымда Англияда комедиялык Баллада - опера чыгармалары да жолугат. XIX кылымдагы орус поэзиясында В.А.Жуковский, А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, А. К. Толстой, кийин Н. С. Тихонов, Э. Багрицкий жана башка акындардын белгилүү Балладалары бар. Музыкада Баллада көп учурда баатырдык жана баатырдык-эпикалык жанр катары өрчүгөн (мисалы, С.С.Прокофьевдин «Белгисиз бойдон калууну эңсеген бала жөнүндө баллада», А. Бабажаняндын фортепьяно менен оркестр үчүн жазылган «Баатырдык балладасы» жана башкалар). Вокалдык Баллада жанры Германияда, Австрияда Ф. Шуберт, Р. Шуман, Й. Брамс жана Г.Вольфтун романтикалык чыгармаларында өнүккөн. Фортепьяно үчүн жазылган Балладалар да жолугат. Кыргыз адабиятында Баллада тарыхый, фантастикалык окуяларды чагылдырат, адамдардын эрдиги, баатырдыгы да ырдалган (мисалы, А. То­комбаевдин «28 баатыр» аттуу чыгармасы).  
 
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

05:38, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЛЛАДА (французча Ьаllайdе, латынча Ьаllо - бийлей­мин) - түрдүү поэтикалык жана музыкалык жанрлар­дын аталышы. Орто кылымда роман элдеринин поэзиясында элдик бий менен кошо аткарылуучу лирикалык хор ырлары Баллада деп аталган. XIII кылымда француз, италян профессионал поэзиясында Баллада кеңири тараган. XIV–XV кылымдарда сюжетсиз лирикалык ырлар, орто кылымда Англияда тары­хый, фантастикалык, драмалык мазмундагы элдик сюжеттүү ырлар да Баллада делген. Баллада сентиментализм , романтизм, неоромантизм учу­рунда поэзиянын барктуу жанрларынан болгон (Р. Бёрнс, С. Т. Колриж, У. Блейк, Р. Киплинг - Англияда; Германияда - Г. Бюргер, Ф. Шиллер, Г. Гейне). XVIII кылымда Англияда комедиялык Баллада - опера чыгармалары да жолугат. XIX кылымдагы орус поэзиясында В.А.Жуковский, А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, А. К. Толстой, кийин Н. С. Тихонов, Э. Багрицкий жана башка акындардын белгилүү Балладалары бар. Музыкада Баллада көп учурда баатырдык жана баатырдык-эпикалык жанр катары өрчүгөн (мисалы, С.С.Прокофьевдин «Белгисиз бойдон калууну эңсеген бала жөнүндө баллада», А. Бабажаняндын фортепьяно менен оркестр үчүн жазылган «Баатырдык балладасы» жана башкалар). Вокалдык Баллада жанры Германияда, Австрияда Ф. Шуберт, Р. Шуман, Й. Брамс жана Г.Вольфтун романтикалык чыгармаларында өнүккөн. Фортепьяно үчүн жазылган Балладалар да жолугат. Кыргыз адабиятында Баллада тарыхый, фантастикалык окуяларды чагылдырат, адамдардын эрдиги, баатырдыгы да ырдалган (мисалы, А. То­комбаевдин «28 баатыр» аттуу чыгармасы).