БАЙЗАКОВ Түмөнбай: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЙЗАКОВ 1 '''Түмөнбай (23. 9. 1923, Жалалабат обл., Сузак р-ну, Бөкөй айылы - 1992, Бишкек) - акын, котормочу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Жалалабат пед. окуу жайына өтүп, 1941-ж. Грозный ш-ндагы аскер окуу жайына жиберилген. КМУнун филология ф-тин бүткөн (1954). Ошол жылдан Кырг-н КП БКнын алдындагы респ-лык парт. мектепте окутуучу, 1955-60-ж. Кырг-н жазуучулар со­юзунда адабий кеңешчи, 1960-64-ж. СССР жазуучулар союзунда кыргыз ад-ты б-ча адабий кеңешчи, 1964-79-ж. Кырг-н мамл. басма к-тинде иштеген. «Паризат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1958-ж. жарык көргөн. Кийин «Биз жакта» (1969), «Кар бетине жаздым кат» (1970), «Мезгил чыйыры» (1972), «Самай берем» (1973), «Оттуу курак» (1975), «Ак таңдар» (1982), «Өмүр берекеси» (1986), «Ышкы багы» (1993) ж. б. ыр, поэмалар жыйнактары, Муса Жалилдин, М. Рыль­скийдин, X. Алимжандын, Миртемирдин, Зуль­фиянын ж. б. ыр, поэмаларын которуп, басмадан чыгарган (1956, 1962, 1966, 1968). «Паризат» поэмасында Октябрь рев-ясына чейинки кыргыз кыздарынын оор тагдыры, теңсиздик, махабат трагедиясы чагылдырылган. Акын «Денемде жатат коргошун», «Согуш эмне?», «Он сегиз жаш», «Нөшөрдө», «Жол карайт эне» аттуу ырларын согуш темасына арнаган. «Гүл­дөйүнчү көктөмдөй», «Сага сундум гүлүмдү», «Күтөр бекен багында?», «Эмне болду?», «Жүрөк гүлүн табабыз» сыяктуу лирикаларында Чыгыш поэзиясынын таасири байкалат. Акын «Байлыгым бар», «Жаз келди», «Жаштык түшсө жады­ма», «Билерик», «Он беш кайрык» ж. б. сонет­терди жазган. Б-дун поэзиясына ойдун кыска, так, метафоралуу берилиши мүнөздүү. Көпчүлүк ыр­лары кош саптан туруп, «бейт» формасында жа­зылган. Анын ондогон ырларына обон чыгарылган. 1985-ж. «Наедине с мечтой» аттуу орус ти­линде жарык көргөн поэтикалык жыйнагы үчүн СССР жазуучулар союзунун А. Фадеев атн. адабий сыйл. ыйгарылган. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
[[Файл:Байзаков Т.jpg|left|thumb]]
 
'''БАЙЗАКОВ Түмөнбай''' (23. 9. 1923, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бөкөй айылы - 1992, Бишкек) - акын, котормочу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына өтүп, 1941-жылы Грозный шаарындагы аскер окуу жайына жиберилген. КМУнун филология факультетин бүткөн (1954). Ошол жылдан Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте окутуучу, 1955-60-жылдарда Кыргызстан жазуучулар со­юзунда адабий кеңешчи, 1960-64-жылдарда СССР жазуучулар союзунда кыргыз адабияты боюнча адабий кеңешчи, 1964-79-жылдарда Кыргызстан мамлекеттик басма комитетинде иштеген. «Паризат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин «Биз жакта» (1969), «Кар бетине жаздым кат» (1970), «Мезгил чыйыры» (1972), «Самай берем» (1973), «Оттуу курак» (1975), «Ак таңдар» (1982), «Өмүр берекеси» (1986), «Ышкы багы» (1993) ж. б. ыр, поэмалар жыйнактары, Муса Жалилдин, М. Рыль­скийдин, X. Алимжандын, Миртемирдин, Зуль­фиянын ж. б. ыр, поэмаларын которуп, басмадан чыгарган (1956, 1962, 1966, 1968). «Паризат» поэмасында Октябрь революциясына чейинки кыргыз кыздарынын оор тагдыры, теңсиздик, махабат трагедиясы чагылдырылган. Акын «Денемде жатат коргошун», «Согуш эмне?», «Он сегиз жаш», «Нөшөрдө», «Жол карайт эне» аттуу ырларын согуш темасына арнаган. «Гүл­дөйүнчү көктөмдөй», «Сага сундум гүлүмдү», «Күтөр бекен багында?», «Эмне болду?», «Жүрөк гүлүн табабыз» сыяктуу лирикаларында Чыгыш поэзиясынын таасири байкалат. Акын «Байлыгым бар», «Жаз келди», «Жаштык түшсө жады­ма», «Билерик», «Он беш кайрык» ж. б. сонет­терди жазган. Байзаковдун поэзиясына ойдун кыска, так, метафоралуу берилиши мүнөздүү. Көпчүлүк ыр­лары кош саптан туруп, «бейт» формасында жа­зылган. Анын ондогон ырларына обон чыгарылган. 1985-жылы «Наедине с мечтой» аттуу орус ти­линде жарык көргөн поэтикалык жыйнагы үчүн СССР жазуучулар союзунун А. Фадеев атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]

10:57, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЗАКОВ Түмөнбай (23. 9. 1923, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Бөкөй айылы - 1992, Бишкек) - акын, котормочу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына өтүп, 1941-жылы Грозный шаарындагы аскер окуу жайына жиберилген. КМУнун филология факультетин бүткөн (1954). Ошол жылдан Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте окутуучу, 1955-60-жылдарда Кыргызстан жазуучулар со­юзунда адабий кеңешчи, 1960-64-жылдарда СССР жазуучулар союзунда кыргыз адабияты боюнча адабий кеңешчи, 1964-79-жылдарда Кыргызстан мамлекеттик басма комитетинде иштеген. «Паризат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин «Биз жакта» (1969), «Кар бетине жаздым кат» (1970), «Мезгил чыйыры» (1972), «Самай берем» (1973), «Оттуу курак» (1975), «Ак таңдар» (1982), «Өмүр берекеси» (1986), «Ышкы багы» (1993) ж. б. ыр, поэмалар жыйнактары, Муса Жалилдин, М. Рыль­скийдин, X. Алимжандын, Миртемирдин, Зуль­фиянын ж. б. ыр, поэмаларын которуп, басмадан чыгарган (1956, 1962, 1966, 1968). «Паризат» поэмасында Октябрь революциясына чейинки кыргыз кыздарынын оор тагдыры, теңсиздик, махабат трагедиясы чагылдырылган. Акын «Денемде жатат коргошун», «Согуш эмне?», «Он сегиз жаш», «Нөшөрдө», «Жол карайт эне» аттуу ырларын согуш темасына арнаган. «Гүл­дөйүнчү көктөмдөй», «Сага сундум гүлүмдү», «Күтөр бекен багында?», «Эмне болду?», «Жүрөк гүлүн табабыз» сыяктуу лирикаларында Чыгыш поэзиясынын таасири байкалат. Акын «Байлыгым бар», «Жаз келди», «Жаштык түшсө жады­ма», «Билерик», «Он беш кайрык» ж. б. сонет­терди жазган. Байзаковдун поэзиясына ойдун кыска, так, метафоралуу берилиши мүнөздүү. Көпчүлүк ыр­лары кош саптан туруп, «бейт» формасында жа­зылган. Анын ондогон ырларына обон чыгарылган. 1985-жылы «Наедине с мечтой» аттуу орус ти­линде жарык көргөн поэтикалык жыйнагы үчүн СССР жазуучулар союзунун А. Фадеев атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.