БАМБУК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАМБУК '''( | '''БАМБУК '''(Ватbusа) - дан өсүмдүктөр тукуму­ндагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Жыгачка айланган сөңгөгүнүн бийиктиги 35 ''м'' дей, муунактуу, жогору жагы бу­тактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке, жал­бырак сабы кыска. Топ гүлү шыпыргы, кош жы­ныстуу; мөмөсү - данча. Бамбук чанда (10-12 жыл­да) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куу­райт. Өтө тез өсөт (суткасына 0,75 ''м).'' Анын 80дей түрү негизинен Чыгыш ж-а Түштүк Азияда өсөт. Көгүлтүр бамбук көбүнчө саябакта (паркта), бакта кооздук үчүн өстүрүлөт. Кадимки ж-а камыш бамбук баалуу курулуш материалы. Саза уруу­сунун бир нече түрү КМШ өлкөлөрүндө, Курил ж-а Сахалин аралдарында жапайы өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда ж. б. бир катар өлкөлөрдө целлюлоза-кагаз өнөр жайына сырьё катары пайдаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
05:49, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАМБУК (Ватbusа) - дан өсүмдүктөр тукумундагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Жыгачка айланган сөңгөгүнүн бийиктиги 35 м дей, муунактуу, жогору жагы бутактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке, жалбырак сабы кыска. Топ гүлү шыпыргы, кош жыныстуу; мөмөсү - данча. Бамбук чанда (10-12 жылда) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куурайт. Өтө тез өсөт (суткасына 0,75 м). Анын 80дей түрү негизинен Чыгыш ж-а Түштүк Азияда өсөт. Көгүлтүр бамбук көбүнчө саябакта (паркта), бакта кооздук үчүн өстүрүлөт. Кадимки ж-а камыш бамбук баалуу курулуш материалы. Саза уруусунун бир нече түрү КМШ өлкөлөрүндө, Курил ж-а Сахалин аралдарында жапайы өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда ж. б. бир катар өлкөлөрдө целлюлоза-кагаз өнөр жайына сырьё катары пайдаланылат.