БАМИАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАМИАН '''- Афганстандын борб. бөлүгүндөгү шаар. Бамиан провинциясынын адм. борбору. Калкы 125 миң (2005). Баба кыркатоосунун түн. этегинде, Бамиан д-нын (Кундуз д-нын алабы) боюнда, деңиз деңг. 3000 ''м'' ден ашык бийиктик­те, Кабул ш-нан 130 ''км'' түн.-батышта жайгашкан. Б. з. 1-к-нан белгилүү. Байыркы кытай жаз­маларында 5-к-дан эскерилет. Арабдар жеңген­ге чейин (7-к.) буддизмдин маанилүү борбору болгон. Шаарга жакын аскага оюлган будда монастырь комплекси (1-8-к.) сакталган. 2000ден ашык үңкүр (чиркөө, үжүрө, чогулуш бөлмөлөрү ж. б.) тепкич ж-а өткөөлдөр аркы­луу байланышып, Будданын статуялары, сүрөттөр жана ташка чегилген орнамент м-н кооздолгон.
'''БАМИАН '''- Афганстандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Бамиан провинциясынын административдик борбору. Калкы 125 миң (2005). Баба кырка тоосунун түндүк этегинде, Бамиан дарыясынын (Кундуз дарыясынын алабы) боюнда, деңиз деңгээлинен 3000 ''м'' ден ашык бийиктикте, Кабул шаарынан 130 ''км'' түндүк-батышта жайгашкан. Биздин замандын I кылымынан белгилүү. Байыркы кытай жаз­маларында V кылымдан эскерилет. Арабдар жеңген­ге чейин (VII кылым) буддизмдин маанилүү борбору болгон. Шаарга жакын аскага оюлган будда монастырь комплекси (I''–''VIII кылымдар) сакталган. 2000ден ашык үңкүр (чиркөө, үжүрө, чогулуш бөлмөлөрү жана башкалар) тепкич жана өткөөлдөр аркы­луу байланышып, Будданын статуялары, сүрөттөр жана ташка чегилген орнамент менен кооздолгон.


[[File:БАМИАН64.png | thumb | Будданын зор скульптуралык сүрөтүнүн бири.
[[File:БАМИАН64.png | thumb | Будданын зор скульптуралык сүрөтүнүн бири.
]]Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийикт. 35 ж-а 53 ''м'', 2-3-к. ж-а 5-к.) белгилүү болгон. (2001-ж. мартта талибдер толугу м-н талкалаган). Шаар ''Бут­кул дуйнөлук мурастын'' тизмесине кирген. Тарыхый-этногр. музей. ''Р. Карачалова.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
]]Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийиктиги 35 жана 53 ''м'', II''–''III кылымдар жана V кылым) белгилүү болгон. (2001-жылы мартта талибдер толугу менен талкалаган). Шаар ''Бут­кул дуйнөлук мурастын'' тизмесине кирген. Тарыхый-этнографиялык музей бар.


''Р. Карачалова.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

05:52, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАМИАН - Афганстандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Бамиан провинциясынын административдик борбору. Калкы 125 миң (2005). Баба кырка тоосунун түндүк этегинде, Бамиан дарыясынын (Кундуз дарыясынын алабы) боюнда, деңиз деңгээлинен 3000 м ден ашык бийиктикте, Кабул шаарынан 130 км түндүк-батышта жайгашкан. Биздин замандын I кылымынан белгилүү. Байыркы кытай жаз­маларында V кылымдан эскерилет. Арабдар жеңген­ге чейин (VII кылым) буддизмдин маанилүү борбору болгон. Шаарга жакын аскага оюлган будда монастырь комплекси (IVIII кылымдар) сакталган. 2000ден ашык үңкүр (чиркөө, үжүрө, чогулуш бөлмөлөрү жана башкалар) тепкич жана өткөөлдөр аркы­луу байланышып, Будданын статуялары, сүрөттөр жана ташка чегилген орнамент менен кооздолгон.

Будданын зор скульптуралык сүрөтүнүн бири.

Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийиктиги 35 жана 53 м, IIIII кылымдар жана V кылым) белгилүү болгон. (2001-жылы мартта талибдер толугу менен талкалаган). Шаар Бут­кул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген. Тарыхый-этнографиялык музей бар.

Р. Карачалова.