БАНГИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАНГИ '''- Борбордук Африка | '''БАНГИ '''- Борбордук Африка Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Калкы 542,4 миң (2005); Борбордук Африка Республикасынын шаар калкынын 40% жашайт. Өлкөнүн түштүгүндө, Убанги дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту (Борбордук Африка Республикасынын сырткы соодасын ж-а бир аз Чад Республикасын тейлейт). 1989-жылы Франция форту катары негизделген. 1914-58-ж. Франциянын колониясы Убанги- Шаринин административдик борбору. 1958-жылдан Автоно­миялык Республика (Франция коомунун кура­мында), 1960-жылдан көз каранды эмес мамле­кеттин борбору. Борбордук бөлүгүндө өкмөттүк ж-а административдик, соода мекемелери, батышында соода квар­талдары, түштүгүндө өнөр жай аймактары жайгашкан. Мурдагы Франция фортунун калдык­тары, Кудай Эне собору (19-кылымдын аягы - 20-кылым­дын башы) сакталган. Улуттук край таануу (1964), өлкөнүн өткөндөгү тарыхы, эстелиги, турмуш-тиричилик буюмдары, музыкалык аспаптар музейлери, Улуттук искусство ж-а кол өнөрчүлүк борбору (1975), университет (1969), 6 институт (анын ичинде политехникалык, айыл чарба), илим-изилдөө борборлору (Пастер атындагы, 1961, ж. б.) иштейт. Тамак-аш, жыгаччылык, жеңил (анын ичинде кебез-кездеме комбинаты), металл иштетүү, тамеки, самын кайнатуу өнөр жайлары бар. Мотоцикл ж-а велосипед чогултулат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
1989- | |||
09:09, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАНГИ - Борбордук Африка Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Калкы 542,4 миң (2005); Борбордук Африка Республикасынын шаар калкынын 40% жашайт. Өлкөнүн түштүгүндө, Убанги дарыясынын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту (Борбордук Африка Республикасынын сырткы соодасын ж-а бир аз Чад Республикасын тейлейт). 1989-жылы Франция форту катары негизделген. 1914-58-ж. Франциянын колониясы Убанги- Шаринин административдик борбору. 1958-жылдан Автономиялык Республика (Франция коомунун курамында), 1960-жылдан көз каранды эмес мамлекеттин борбору. Борбордук бөлүгүндө өкмөттүк ж-а административдик, соода мекемелери, батышында соода кварталдары, түштүгүндө өнөр жай аймактары жайгашкан. Мурдагы Франция фортунун калдыктары, Кудай Эне собору (19-кылымдын аягы - 20-кылымдын башы) сакталган. Улуттук край таануу (1964), өлкөнүн өткөндөгү тарыхы, эстелиги, турмуш-тиричилик буюмдары, музыкалык аспаптар музейлери, Улуттук искусство ж-а кол өнөрчүлүк борбору (1975), университет (1969), 6 институт (анын ичинде политехникалык, айыл чарба), илим-изилдөө борборлору (Пастер атындагы, 1961, ж. б.) иштейт. Тамак-аш, жыгаччылык, жеңил (анын ичинде кебез-кездеме комбинаты), металл иштетүү, тамеки, самын кайнатуу өнөр жайлары бар. Мотоцикл ж-а велосипед чогултулат.