БАЛЫКООЗ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
[[Файл:Балык оооз.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Балык оооз.jpg|left|thumb]] | ||
[[Файл:Бекмурат кумар уулу.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Бекмурат кумар уулу.jpg|left|thumb]] | ||
'''БАЛЫКООЗ | '''БАЛЫКООЗ''' (Бекмурат) Кумар уулу (1799, [[Кетмен-Төбө]] [[өрөөнү]] – 1887, [[Чүй өрөөнү]], азыркы [[Алчалуу]] айылы) – атактуу манасчы, санжырачы, акын. [[Сарыбагыш]] уруусунун ичиндеги чоң чарык уругунан чыккан. Оозеки маалыматтарда Бекмураттын оозу кере сөөм, балыктын оозу сыяктуу үстүнкү жана астыңкы эрдинин калыңдыгы эки элидей болгону, бирок алар сулуу, кыйыштырып койгондой жарашыктуу болуп, ушундан улам «Балыкооз» аталып кеткени айтылат. Манасчы [[Шапак Рысмендеев]]дин сүрөттөөсү боюнча мүчөсү келишкен, сом чулу, сөөгү калың, эки ийнине эки киши отургандай олбурлуу, кулагы калкандай, чекир кашы арпанын кылканындай тик болуп, кабагын ылдый салса, көзүн жапкан, колдору шадылуу, ыраңы саргыч саз өңдүү, суюк сакал, муруту сакалына кошулуп, тик түшкөн, муруну борбогой, бели карыган кезинде да ийилбей түз, мойну буканын бутундай буржуйган адам болгон. Оокатка тың, сөздү маселдетип сүйлөгөн, туура сөздүү, ачуу тилдүү, айтышкан адамынан дароо кыйкым таба билген ырчы болуп, ыры жай башталып, бара-бара жолборстун доошундай күркүрөп кеткен. «[[Манас]]ты» 13–14 жашынан айта баштап, 20 жашында чоң манасчы, ырчыга айланган. Замандаштарынын эскерүүлөрү боюнча жаш кезинде атасынан ажыраган жана тайке-тайы саруу уруусу болгондуктан, [[Ажыбек датка]]ны жакты каралап барып, бир топ жыл жанында жүргөн. Оозеки, жазма маалыматтарга караганда ал мындай өнөрдү Эсен, Нооруз сыяктуу манасчылардан үйрөнгөн. Балыкооз өзү сабатсыз болгонуна карабай, Манаска чейинки кыргыздын оозеки тарыхын, тигил же бул уруулардын аталышы, келип чыгышы, алардын таралышын жатка билип, көбүн ырга айлантып айткан. «Манас» [[эпос]]ундагы «[[Чоң казат]]» окуясын эле 15 күн тынбай айтканын небереси Сукан (Найманбай кызы) эскерген. Муну менен бирге эски тарыхый окуялар, [[этнография]] жана [[фольклор]]ду камтыган «[[Оторкан]]» деген узак [[жомок]]ту жатка айтып, «Манас» эпосун анын уландысы катары караган. Анын оозунан жазылган бул жомоктун кыскача варианты [[Кыргыз Республикасы]]нын [[Улуттук Илимдер академиясы]]нын Ч. [[Айтматов]] атындагы Тил жана Адабият институтунун кол жазмалар фондусуна (КР УИА) сакталып калган. Ал жомок тууралуу Балыкооздун өзү: «Манасты айтканда түп атасы Ороз бий, анан Оторкан деп, бирден-бирден чууртуп отуруп, Манаска алып келчү элем. Бир күнү [[Азирет Аалы]]нын тукумумун деп, Азизкожо деген [[эшен]] келди. Соктуруп, жогорку ырларды айтып, Манаска келип, Манасты айтып, эшендерди кошо айттым. Мурунку ырларды жакшы укпай отурду эле, кийин мусулман дини киргендеги хандарды айтканымда, абдан кулагын салып укту. Анан ал, ырчым, сиз мындан кийин мусулман динине кирбеген хандарды – элдерди айтпаңыз. [[Мусулман]] болгон, [[ислам]] дини үчүн урушкан, талашкан хандарды – элдерди айтсаң чоң соопко каласың. [[Мухаммед пайгамбар]], Азирет Аалы шер – кудааны кошуп айтсаң, жаның жанаты болот. Мурунку [[бутпарас]] болгон хандарды, элдерди айтсаң каапыр болосуң, күнөкөр болуп, жаның тозокко түшөт деди эшен. Ошондон кийин эле коркуп, коюп калгам» деп эскерет. Булардан тышкары «[[Эр Төштүк]]», «Кан Шырдак», кыпчактардын «[[Эр Табылды]] жалгызым», кытайлардын «Кыл муруттуу [[Кожожаш]]», «Сен Саринжи, мен Бөкөй» ж.б. дастандардын өз алдынча вариантын жана алардын жаралуу тарыхын жакшы билген. Өзүнөн мурунку кыргыздын оозеки тарыхы тууралуу: «илгерки хандар, элдер ири-ири, килең-килең, шаарлуу-жергелүү болуп айтылган. Мен аз эле билем. Өткөн замандарда эң кызык, узун болуп айтылчу экен. Найман хандыгы бузулуп, кыргыздын кайта келгени бар. Ногой ханы Ормамбет хан конуш чалып, кайта [[Эдил]]ге көчкөнү, кыргызды өз жерине кондуруп, багыш, оң-сол болгону бар» деп көп ирет эскерген. Болжол менен 1850-жылдар ченде Таласка барган жеринен [[Байтик баатыр]]га жолугуп, таанышкан жана анын чакырыгына макул болуп, Чүйгө көчүп келген. Өз кезегинде [[Калча]], [[Эсенаман|Эсенаман, Чоңду]], [[Назар]], кийинкилерден [[Сагымбай]] ж.б. сыяктуу белгилүү манасчы-акындардын көбү Балыкооздон үлгү алышкан. Уруулаш тууганы Ш. Рысмендеев ырчылык өнөрдү, Манас айтууну үйрөнүү үчүн үч жылдай Балыкоозду ээрчип жүргөн. 1860–1862-жылдары Байтиктин [[Кокон]] бийлиги менен каршылашып, Рахматулла датканы өлтүргөн окуяларга катышкан. Андан кийин Байтик жардам сурап орус аскер бийлигине кайрылууну чечип, Балыкоозду иниси Сатылганга кошуп, Верный чебине жиберген. Балыкооздон Садырбек, Коңурбай, Мамырбай, Найманбай, Алчынбай деген беш уул жана Дилде деген кыз калган. Кызы Ажыбек датканын небереси менен турмуш куруп, чоң кошокчу болгон. Найманбай менен Алчынбай да атасынын өнөрүн улантышкан, бирок Алчынбай ырчылыгын кийин таштап салган. Коңурбайдын Шааркан деген кызы да кошокчу болуп, өспүрүм курагынан өткөн кезинде Манас айта баштаган. Бирок кийинчерээк ал эркек болбогондуктан эл аралап ырдап, Манас айта албай калганын эскерген. Найманбайдын Сукан деген кызы өз учурунда да чоң кошокчу болуп, андан жазылып калган айрым эскерүүлөр кол жазмалар фондусунда сакталуу турат. | ||
Ад.: Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009. | |||
. | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
02:44, 19 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы


БАЛЫКООЗ (Бекмурат) Кумар уулу (1799, Кетмен-Төбө өрөөнү – 1887, Чүй өрөөнү, азыркы Алчалуу айылы) – атактуу манасчы, санжырачы, акын. Сарыбагыш уруусунун ичиндеги чоң чарык уругунан чыккан. Оозеки маалыматтарда Бекмураттын оозу кере сөөм, балыктын оозу сыяктуу үстүнкү жана астыңкы эрдинин калыңдыгы эки элидей болгону, бирок алар сулуу, кыйыштырып койгондой жарашыктуу болуп, ушундан улам «Балыкооз» аталып кеткени айтылат. Манасчы Шапак Рысмендеевдин сүрөттөөсү боюнча мүчөсү келишкен, сом чулу, сөөгү калың, эки ийнине эки киши отургандай олбурлуу, кулагы калкандай, чекир кашы арпанын кылканындай тик болуп, кабагын ылдый салса, көзүн жапкан, колдору шадылуу, ыраңы саргыч саз өңдүү, суюк сакал, муруту сакалына кошулуп, тик түшкөн, муруну борбогой, бели карыган кезинде да ийилбей түз, мойну буканын бутундай буржуйган адам болгон. Оокатка тың, сөздү маселдетип сүйлөгөн, туура сөздүү, ачуу тилдүү, айтышкан адамынан дароо кыйкым таба билген ырчы болуп, ыры жай башталып, бара-бара жолборстун доошундай күркүрөп кеткен. «Манасты» 13–14 жашынан айта баштап, 20 жашында чоң манасчы, ырчыга айланган. Замандаштарынын эскерүүлөрү боюнча жаш кезинде атасынан ажыраган жана тайке-тайы саруу уруусу болгондуктан, Ажыбек датканы жакты каралап барып, бир топ жыл жанында жүргөн. Оозеки, жазма маалыматтарга караганда ал мындай өнөрдү Эсен, Нооруз сыяктуу манасчылардан үйрөнгөн. Балыкооз өзү сабатсыз болгонуна карабай, Манаска чейинки кыргыздын оозеки тарыхын, тигил же бул уруулардын аталышы, келип чыгышы, алардын таралышын жатка билип, көбүн ырга айлантып айткан. «Манас» эпосундагы «Чоң казат» окуясын эле 15 күн тынбай айтканын небереси Сукан (Найманбай кызы) эскерген. Муну менен бирге эски тарыхый окуялар, этнография жана фольклорду камтыган «Оторкан» деген узак жомокту жатка айтып, «Манас» эпосун анын уландысы катары караган. Анын оозунан жазылган бул жомоктун кыскача варианты Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун кол жазмалар фондусуна (КР УИА) сакталып калган. Ал жомок тууралуу Балыкооздун өзү: «Манасты айтканда түп атасы Ороз бий, анан Оторкан деп, бирден-бирден чууртуп отуруп, Манаска алып келчү элем. Бир күнү Азирет Аалынын тукумумун деп, Азизкожо деген эшен келди. Соктуруп, жогорку ырларды айтып, Манаска келип, Манасты айтып, эшендерди кошо айттым. Мурунку ырларды жакшы укпай отурду эле, кийин мусулман дини киргендеги хандарды айтканымда, абдан кулагын салып укту. Анан ал, ырчым, сиз мындан кийин мусулман динине кирбеген хандарды – элдерди айтпаңыз. Мусулман болгон, ислам дини үчүн урушкан, талашкан хандарды – элдерди айтсаң чоң соопко каласың. Мухаммед пайгамбар, Азирет Аалы шер – кудааны кошуп айтсаң, жаның жанаты болот. Мурунку бутпарас болгон хандарды, элдерди айтсаң каапыр болосуң, күнөкөр болуп, жаның тозокко түшөт деди эшен. Ошондон кийин эле коркуп, коюп калгам» деп эскерет. Булардан тышкары «Эр Төштүк», «Кан Шырдак», кыпчактардын «Эр Табылды жалгызым», кытайлардын «Кыл муруттуу Кожожаш», «Сен Саринжи, мен Бөкөй» ж.б. дастандардын өз алдынча вариантын жана алардын жаралуу тарыхын жакшы билген. Өзүнөн мурунку кыргыздын оозеки тарыхы тууралуу: «илгерки хандар, элдер ири-ири, килең-килең, шаарлуу-жергелүү болуп айтылган. Мен аз эле билем. Өткөн замандарда эң кызык, узун болуп айтылчу экен. Найман хандыгы бузулуп, кыргыздын кайта келгени бар. Ногой ханы Ормамбет хан конуш чалып, кайта Эдилге көчкөнү, кыргызды өз жерине кондуруп, багыш, оң-сол болгону бар» деп көп ирет эскерген. Болжол менен 1850-жылдар ченде Таласка барган жеринен Байтик баатырга жолугуп, таанышкан жана анын чакырыгына макул болуп, Чүйгө көчүп келген. Өз кезегинде Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар, кийинкилерден Сагымбай ж.б. сыяктуу белгилүү манасчы-акындардын көбү Балыкооздон үлгү алышкан. Уруулаш тууганы Ш. Рысмендеев ырчылык өнөрдү, Манас айтууну үйрөнүү үчүн үч жылдай Балыкоозду ээрчип жүргөн. 1860–1862-жылдары Байтиктин Кокон бийлиги менен каршылашып, Рахматулла датканы өлтүргөн окуяларга катышкан. Андан кийин Байтик жардам сурап орус аскер бийлигине кайрылууну чечип, Балыкоозду иниси Сатылганга кошуп, Верный чебине жиберген. Балыкооздон Садырбек, Коңурбай, Мамырбай, Найманбай, Алчынбай деген беш уул жана Дилде деген кыз калган. Кызы Ажыбек датканын небереси менен турмуш куруп, чоң кошокчу болгон. Найманбай менен Алчынбай да атасынын өнөрүн улантышкан, бирок Алчынбай ырчылыгын кийин таштап салган. Коңурбайдын Шааркан деген кызы да кошокчу болуп, өспүрүм курагынан өткөн кезинде Манас айта баштаган. Бирок кийинчерээк ал эркек болбогондуктан эл аралап ырдап, Манас айта албай калганын эскерген. Найманбайдын Сукан деген кызы өз учурунда да чоң кошокчу болуп, андан жазылып калган айрым эскерүүлөр кол жазмалар фондусунда сакталуу турат.
Ад.: Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996; Акылбеков А., Алымбеков Т. Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.
.