БОЙЛА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Кайра 13255 жокко Kadyrm (сюзюу))
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОЙЛА ''' – орто кылымдардагы Түрк кагандыгындагы жана Кыргыз мамлекетиндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. 7-кылымга тиешелүү рун жазмаларындагы маалыматтар боюнча Тонйукуктун демилгеси менен Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тонйукук бойла бага тархан, ал эми Мочжо жана Дусифу аталган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамдарына ээ болушкандыгы белгилүү. Демек, бойла бага тархан – кагандын башкы кеӊешчиси, башкы иш башкаруучусу болгон. 1900-ж. Монголиянын Сужа жеринен табылган рун жазуу эстелигинде мындай маалыматтар берилет: «Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакарханды жаа менен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун. Менин даӊкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду...». Демек, Бойла – кыргыз аскер башчысынын мамлекеттик башкаруу иерархиясындагы титулун туюндурат. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан кыргыз тартибин Борбордук Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган. <br/>''М. Кожобеков.''
'''БОЙЛА ''' – орто кылымдардагы Түрк кагандыгындагы жана Кыргыз мамлекетиндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. 7-кылымга тиешелүү рун жазмаларындагы маалыматтар боюнча Тонйукуктун демилгеси менен Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тонйукук бойла бага тархан, ал эми Мочжо жана Дусифу аталган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамдарына ээ болушкандыгы белгилүү. Демек, бойла бага тархан – кагандын башкы кеӊешчиси, башкы иш башкаруучусу болгон. 1900-жылы Монголиянын Сужа жеринен табылган рун жазуу эстелигинде мындай маалыматтар берилет: «Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакарханды жаа менен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун. Менин даӊкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду...». Демек, Бойла – кыргыз аскер башчысынын мамлекеттик башкаруу иерархиясындагы титулун туюндурат. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан кыргыз тартибин Борбордук Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган. <br/>''М. Кожобеков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:42, 19 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БОЙЛА – орто кылымдардагы Түрк кагандыгындагы жана Кыргыз мамлекетиндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. 7-кылымга тиешелүү рун жазмаларындагы маалыматтар боюнча Тонйукуктун демилгеси менен Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тонйукук бойла бага тархан, ал эми Мочжо жана Дусифу аталган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамдарына ээ болушкандыгы белгилүү. Демек, бойла бага тархан – кагандын башкы кеӊешчиси, башкы иш башкаруучусу болгон. 1900-жылы Монголиянын Сужа жеринен табылган рун жазуу эстелигинде мындай маалыматтар берилет: «Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакарханды жаа менен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун. Менин даӊкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду...». Демек, Бойла – кыргыз аскер башчысынын мамлекеттик башкаруу иерархиясындагы титулун туюндурат. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан кыргыз тартибин Борбордук Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган.
М. Кожобеков.