БЕКТЕНОВ Зияш: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page БЕКТЕНОВ 1 to БЕКТЕНОВ Зияш) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕКТЕНОВ | '''БЕКТЕНОВ''' '''Зияш''' (1911, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу кыштагы – 1994, Бишкек) – тилчи, адабият­чы, жазуучу, котормочу, кыргыз филология илимин негиздегендердин бири. | ||
[[File:БЕКТЕНОВ 123.png | thumb | none]] «Манас» эпо­сун алгачкы изилдөөчүлөр­дөн. КМУнун ардактуу профессору (1991), КРдин эмгек сиңирген му­галими (1991). Кыргыз агар­туу институтун (1930), кийин Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1940). 1930–31-жылдарда Сүлүктү районунда (азыркы Баткен–Лейлек) окуу бөлү­мүнүн башчысы, 1931–32-жылдарда Москвадагы СССР элдери­нин борбордук басмаканасынын кыргыз секциясында жооптуу редактордун орун­ басары, 1932–34-жылдарда Кыргызмамбаста окуу-ме­тодикалык бөлүмдүн башчысы, ошол эле учур­да башкы редактор, 1940–42-жылдарда Пржевальск (азыркы Каракол шаары) мугалимдер институтунун ди­ректорунун орунбасары, «Кыргызстан» басмасы­нын редактору (1946), 1946–49-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых институ­тунда улук илимий кызматкер, «Манас» секторунун башчысы болгон. Күнөөсүз репрессияланып, 10 жылга эмгек лагерине жөнөтүлгөн (1950). 1955-жылы реабилитацияланып, түрмөдөн бошо­тулган. 1961–94-жылдарда КМУнун улук окутуучусу. 1933-жылы 3–4-класстын (Т. Байжиев м-н бирге) Кыргыз тилинин алгачкы окуу китебин чыгар­ган. Кийин 1940-жылы «Манастын» 1-бөлүмүнүн сю­жетин кара сөзгө айлантып (С. Орозбаковдун ва­рианты боюнча) жазып чыккан. Анын «Ачуу-тат­туу аралаш» (1992), «Менин замандаштарым жө­нүндө эскерүү» (1993) аттуу китептери репрес­сия мезгилиндеги саясий кырдаалды кабарлап турат. 1946-жылы 4-класстын (У. Абдукаимов, Х. Карасаев м-н бирге) «Биздин адабият», 1948– 49-жылдарда (Т. Байжиев м-н бирге) орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор), орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыр­гыз тили» (1959), 5-класстын «Кыргыз адабия­ты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин жазган. Ал көптөгөн прозалык, драмалык ж-а фольклордук чыгар­маларды, анын ичинде, А. Фадеевдин «Талкалоо» рома­нын (1957; 1974), «Таңдалмалар» (1980), «Жаңы жыл алдындагы күн» (1986), Н. Гоголдун 1-то­мун («Диканькага жакын хутордогу кечелер») ж. б. кыргыз тилине которгон. | |||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
05:52, 21 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕКТЕНОВ Зияш (1911, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кең-Суу кыштагы – 1994, Бишкек) – тилчи, адабиятчы, жазуучу, котормочу, кыргыз филология илимин негиздегендердин бири.

«Манас» эпосун алгачкы изилдөөчүлөрдөн. КМУнун ардактуу профессору (1991), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1991). Кыргыз агартуу институтун (1930), кийин Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1940). 1930–31-жылдарда Сүлүктү районунда (азыркы Баткен–Лейлек) окуу бөлүмүнүн башчысы, 1931–32-жылдарда Москвадагы СССР элдеринин борбордук басмаканасынын кыргыз секциясында жооптуу редактордун орун басары, 1932–34-жылдарда Кыргызмамбаста окуу-методикалык бөлүмдүн башчысы, ошол эле учурда башкы редактор, 1940–42-жылдарда Пржевальск (азыркы Каракол шаары) мугалимдер институтунун директорунун орунбасары, «Кыргызстан» басмасынын редактору (1946), 1946–49-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых институтунда улук илимий кызматкер, «Манас» секторунун башчысы болгон. Күнөөсүз репрессияланып, 10 жылга эмгек лагерине жөнөтүлгөн (1950). 1955-жылы реабилитацияланып, түрмөдөн бошотулган. 1961–94-жылдарда КМУнун улук окутуучусу. 1933-жылы 3–4-класстын (Т. Байжиев м-н бирге) Кыргыз тилинин алгачкы окуу китебин чыгарган. Кийин 1940-жылы «Манастын» 1-бөлүмүнүн сюжетин кара сөзгө айлантып (С. Орозбаковдун варианты боюнча) жазып чыккан. Анын «Ачуу-таттуу аралаш» (1992), «Менин замандаштарым жөнүндө эскерүү» (1993) аттуу китептери репрессия мезгилиндеги саясий кырдаалды кабарлап турат. 1946-жылы 4-класстын (У. Абдукаимов, Х. Карасаев м-н бирге) «Биздин адабият», 1948– 49-жылдарда (Т. Байжиев м-н бирге) орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор), орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыргыз тили» (1959), 5-класстын «Кыргыз адабияты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин жазган. Ал көптөгөн прозалык, драмалык ж-а фольклордук чыгармаларды, анын ичинде, А. Фадеевдин «Талкалоо» романын (1957; 1974), «Таңдалмалар» (1980), «Жаңы жыл алдындагы күн» (1986), Н. Гоголдун 1-томун («Диканькага жакын хутордогу кечелер») ж. б. кыргыз тилине которгон.