БЕКБОЕВА Алый: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (Lera moved page БЕКБОЕВА to БЕКБОЕВА Алый) |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕКБОЕВА''' Алый (12. 6. 1886, Нарын | '''БЕКБОЕВА''' '''Алый''' (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа кыштагы – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын эл­дик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жум­шаган. 1957-жылы жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча айырмаланган 30дан ашуун туш кийиз, 25тей аяк кап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-жылы кыргыз адабияты жана иск­усствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Бекбоева – улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергеси­нин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчили­гинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петер­бургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун ал­ган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. | ||
Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине | [[Файл:Бекбоева.png|left|thumb|408x408px|Г. Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген картинасы]] | ||
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
«Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз | |||
улуттук көркөм сүрөт | |||
06:13, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕКБОЕВА Алый (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа кыштагы – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын элдик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жумшаган. 1957-жылы жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча айырмаланган 30дан ашуун туш кийиз, 25тей аяк кап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-жылы кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Бекбоева – улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергесинин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчилигинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петербургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун алган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
