БЕКБОЕВА Алый: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕКБОЕВА''' Алый (12. 6. 1886, Нарын обл., Нарын р-ну, Акталаа кыш. – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын эл­дик көркөм колөнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жум­шаган. 1957-ж. жаштардын ж-а студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү б-ча айырмаланган 30дан ашуун тушкийиз, 25тей аяккап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-ж. кыргыз ад-ты ж-а иск­восунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Б. – улуттук оймо-чийме ж-а кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергеси­нин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчили­гинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Б-нын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петер­бургдагы этнография музейине, Москвадагы
'''БЕКБОЕВА''' '''Алый''' (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа кыштагы – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын эл­дик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жум­шаган. 1957-жылы жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча айырмаланган 30дан ашуун туш кийиз, 25тей аяк кап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-жылы кыргыз адабияты жана иск­усствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Бекбоева – улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергеси­нин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчили­гинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петер­бургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун ал­ган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.  
Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине ж-а
[[Файл:Бекбоева.png|left|thumb|408x408px|Г. Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген картинасы]]
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт иск-во музейине коюлган. КРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
«Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз
улуттук көркөм сүрөт иск-во музейинен орун ал­ган. Б. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

06:13, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕКБОЕВА Алый (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа кыштагы – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын эл­дик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жум­шаган. 1957-жылы жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча айырмаланган 30дан ашуун туш кийиз, 25тей аяк кап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-жылы кыргыз адабияты жана иск­усствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Бекбоева – улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергеси­нин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчили­гинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петер­бургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун ал­ган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Г. Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген картинасы