БЕКТАШИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕКТАШИЯ''' , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени | '''БЕКТАШИЯ''' , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени жана бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, орто азия­лык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хо­расани (1208–1270) тарабынан негизделген. Кичи Азияда XIII кылымдын аягы – XIV-кылымдын башында ал­гач жергиликтүү көчмөн жана отурукташкан түрк элде­ринде пайда болуп, кийин Түркия жана Балкан­га кеңири тараган. Бекташиянын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) жана христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. XIX кылымга чейин Түркияда Бекташиянын тааси­ри зор болгон. Анткени бекташтар ''янычарлар'' менен тыгыз байланышта болгон. 1826-жылы султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына ка­рабастан, XIX кылымдын ортосунда алардын иш-ара­кети жандана баштаган. 1925-жылы Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик орден­дер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
06:25, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕКТАШИЯ , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени жана бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, орто азиялык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хорасани (1208–1270) тарабынан негизделген. Кичи Азияда XIII кылымдын аягы – XIV-кылымдын башында алгач жергиликтүү көчмөн жана отурукташкан түрк элдеринде пайда болуп, кийин Түркия жана Балканга кеңири тараган. Бекташиянын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) жана христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. XIX кылымга чейин Түркияда Бекташиянын таасири зор болгон. Анткени бекташтар янычарлар менен тыгыз байланышта болгон. 1826-жылы султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына карабастан, XIX кылымдын ортосунда алардын иш-аракети жандана баштаган. 1925-жылы Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик ордендер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган.