БЕЛДЕМЧИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛДЕМЧИ''' – 1) белден төмөн тартылуучу аял­дардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездеме­леринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасал­ган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери | '''БЕЛДЕМЧИ''' – 1) белден төмөн тартылуучу аял­дардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездеме­леринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасал­ган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери менен ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы менен чоктолот. Кашаты башка жактарына караган­да тыгыз шырылып, калыңыраак жана жазы келип, кемер сы­мал адамды ты­кан алып жүрөт. | ||
[[File:БЕЛДЕМЧИ37.png | thumb | none]] | [[File:БЕЛДЕМЧИ37.png | thumb | none]] | ||
Белдемчини жазда, күз­дө, айрыкча кыш­та тартынат. Ил­гертен эле жаңы көз жарган келин­дин энеси жээнин жентектеп кел­генде, кызына бе­лин бекемдөө үчүн | Белдемчини жазда, күз­дө, айрыкча кыш­та тартынат. Ил­гертен эле жаңы көз жарган келин­дин энеси жээнин жентектеп кел­генде, кызына бе­лин бекемдөө үчүн Белдемчи тартуулаган. Белдемчини оор түйшүк­түү көчмөн кыр­гыз аялдары жы­луу, ыңгайлуу ки­йим катары жого­ру баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, ошондой эле той-тамашаларда да сый кийим ка­тары тартынышкан. Мындай Белдемчилердин жээкте­ри саймаланып, кундуз карматылып, чачыла­нып кооздолот. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү жана түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Белдемчинин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түндүк жана түндүк-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Белдемчинин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер ки­йиминин бир бөлүгү. Белдемчи кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин кал­кан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасал­ган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында ''чоп­кут, чарайна, карыпчы'' жана башка кийимдер менен кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп ай­тылат. | ||
Белдемчи тартуулаган. | |||
Белдемчини оор түйшүк­түү көчмөн кыр­гыз аялдары жы­луу, ыңгайлуу ки­йим катары жого­ру баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, ошондой эле той-тамашаларда да сый кийим ка­тары тартынышкан. Мындай | |||
Белдемчилердин жээкте­ри саймаланып, кундуз карматылып, чачыла­нып кооздолот. | |||
Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү | |||
Белдемчинин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түндүк | |||
Белдемчинин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер ки­йиминин бир бөлүгү. | |||
Белдемчи кийиз | |||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | [[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
08:03, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛДЕМЧИ – 1) белден төмөн тартылуучу аялдардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездемелеринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасалган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери менен ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы менен чоктолот. Кашаты башка жактарына караганда тыгыз шырылып, калыңыраак жана жазы келип, кемер сымал адамды тыкан алып жүрөт.

Белдемчини жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Илгертен эле жаңы көз жарган келиндин энеси жээнин жентектеп келгенде, кызына белин бекемдөө үчүн Белдемчи тартуулаган. Белдемчини оор түйшүктүү көчмөн кыргыз аялдары жылуу, ыңгайлуу кийим катары жогору баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, ошондой эле той-тамашаларда да сый кийим катары тартынышкан. Мындай Белдемчилердин жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү жана түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Белдемчинин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түндүк жана түндүк-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Белдемчинин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер кийиминин бир бөлүгү. Белдемчи кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин калкан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасалган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында чопкут, чарайна, карыпчы жана башка кийимдер менен кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп айтылат.