БЕЛИНСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЛИ́НСКИЙ''' Виссарион Григорьевич [30. 5 (11. | '''БЕЛИ́НСКИЙ''' '''Виссарион Григорьевич''' [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында (1822–1824), Пенза гимназиясында (1825–1828) окуган. 1829-жылы Москва университетинин көркөм сөз бөлүмүнө кирет. Крепосттук түзүлүштү катуу сынга алган «Дмитрий Калинин» аттуу туңгуч пьесасы үчүн окуудан чыгарылат. «Отечествен­ные записки», «Современник» журналдарында иштеген. 1834-жылы бул журналда «Адабий кыял­дар» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал орустун реалисттик эстетикасына жана сынына негиз салган. «Таза искусствонун» теориясына каршы туруп, жазуучулар­дан коомдун алдыңкы тен­денциясын ачып берүүнү та­лап кылган. «Искусствонун идеясы» (1841), «Поэзиянын тектерге жана түрлөргө бөлүнүшү» (1841), «Сын жөнүндө сөз» (1842), «Алек­сандр Пушкиндин чыгарма­лары» (1843–1848), «1847-жыл­дагы орус адабиятына көз ­караш» (1848) аттуу макалаларында эстетика­лык принциптерин ачык-айкын жарыя кылган. | ||
6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында ( | |||
[[File:БЕЛИНСКИЙ45.png | thumb | none]] | [[File:БЕЛИНСКИЙ45.png | thumb | none]] | ||
«Орус повести жана Гоголдун повесттери» (1835) макаласында Гоголдун чыгармаларында реа­лизм менен элдүүлүк принциптеринин кеңири орун алганын көрсөткөн. Анын сынчылык мурасында Пушкинге арналган макалалар цикли өзгөчө орунда. Бул циклди орус адабиятынын Ломоносов­дон Пушкинге чейинки тарыхы десе да болот. Анда Пушкиндин поэзиясы орус адабиятындагы жа­ңычыл көрүнүш экени, анын улуттук мүнөзү, көркөмдүк өзгөчөлүгү кеңири ачылат. М. Ю. Лер­монтов, Н. В. Гоголь жана башкалар жөнүндөгү макалала­рында жазуучулардын чыгармаларынын улут­тук өзгөчөлүгүн, элдүүлүк, гумандуулук ка­сиеттерин көрсөтүп, орус адабиятынын өсүү жолдо­рун талдаган. Белинский Европанын улуу сүрөткерле­ри У. Шекспир, П. Беранже, Г. Гейне, В. Гете, Ч. Диккенстин чыгармалары жөнүндө да ойлорун айткан. Чыгармачылык мурасы кыргыз адабий сыны­нын калыптанышына да таасирин тийгизди. Анын тандалма макалалары 1948- жана 1973-жылы кыргыз тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. | |||
«Орус повести жана Гоголдун повесттери» (1835) макаласында Гоголдун чыгармаларында реа­лизм | |||
Ч. Диккенстин чыгармалары | |||
<p align='right'>''А Садыков.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
09:27, 24 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕЛИ́НСКИЙ Виссарион Григорьевич [30. 5 (11. 6). 1811, Свеаборг – 26. 5 (7.6). 1848, Петербург] – орус адабий сынчысы. Чембар уезддик окуу жайында (1822–1824), Пенза гимназиясында (1825–1828) окуган. 1829-жылы Москва университетинин көркөм сөз бөлүмүнө кирет. Крепосттук түзүлүштү катуу сынга алган «Дмитрий Калинин» аттуу туңгуч пьесасы үчүн окуудан чыгарылат. «Отечественные записки», «Современник» журналдарында иштеген. 1834-жылы бул журналда «Адабий кыялдар» деген көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ал орустун реалисттик эстетикасына жана сынына негиз салган. «Таза искусствонун» теориясына каршы туруп, жазуучулардан коомдун алдыңкы тенденциясын ачып берүүнү талап кылган. «Искусствонун идеясы» (1841), «Поэзиянын тектерге жана түрлөргө бөлүнүшү» (1841), «Сын жөнүндө сөз» (1842), «Александр Пушкиндин чыгармалары» (1843–1848), «1847-жылдагы орус адабиятына көз караш» (1848) аттуу макалаларында эстетикалык принциптерин ачык-айкын жарыя кылган.

«Орус повести жана Гоголдун повесттери» (1835) макаласында Гоголдун чыгармаларында реализм менен элдүүлүк принциптеринин кеңири орун алганын көрсөткөн. Анын сынчылык мурасында Пушкинге арналган макалалар цикли өзгөчө орунда. Бул циклди орус адабиятынын Ломоносовдон Пушкинге чейинки тарыхы десе да болот. Анда Пушкиндин поэзиясы орус адабиятындагы жаңычыл көрүнүш экени, анын улуттук мүнөзү, көркөмдүк өзгөчөлүгү кеңири ачылат. М. Ю. Лермонтов, Н. В. Гоголь жана башкалар жөнүндөгү макалаларында жазуучулардын чыгармаларынын улуттук өзгөчөлүгүн, элдүүлүк, гумандуулук касиеттерин көрсөтүп, орус адабиятынын өсүү жолдорун талдаган. Белинский Европанын улуу сүрөткерлери У. Шекспир, П. Беранже, Г. Гейне, В. Гете, Ч. Диккенстин чыгармалары жөнүндө да ойлорун айткан. Чыгармачылык мурасы кыргыз адабий сынынын калыптанышына да таасирин тийгизди. Анын тандалма макалалары 1948- жана 1973-жылы кыргыз тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан.
А Садыков.