БЕХИСТУН ЖАЗМАСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕХИСТУ́Н ЖАЗМАСЫ''' – Байыркы Иран па­дышасы Дарий Iнин ( | '''БЕХИСТУ́Н ЖАЗМАСЫ''' – Байыркы Иран па­дышасы Дарий Iнин (биздин заманга чейинки 522–486-жылдары бийле­ген) буйругу менен биздин заманга чейинки 516-жылы Түндүк-Батыш Ирандын Керманшах – Хамадан жолунун боюн­дагы Накш-и Рустем капчыгайындагы Бехис­тун аскасында чегилген жазуулар. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Анда биздин заманга чейинки 522– 519-жылдардагы Ахемениддер мамлекетиндеги окуялар ба­яндалат. Ал эки бөлүктөн турат: жогору жа­гында көтөрүлүшкө чыккан душмандарын чө­гөлөтүп турган Дарийдин сүрөтү, анын айлана­сында жана төмөн жагында клинопись (шынаа сымал) жазмасындагы байыркы перс, элам жана вавилон тилдеринде чегилген 14 саптан турган жазуулар бар. Жазмада Дарий Iнин Орто Азияга | ||
[[File:БЕХИСТУН ЖАЗМАСЫ94.png | thumb | Бехистун аскасы. Иран.]] | [[File:БЕХИСТУН ЖАЗМАСЫ94.png | thumb | Бехистун аскасы. Иран.]] | ||
жасаган жортуулу жана ал басып алган элдер, Орто Азия жана Теңир-Тоо аймагын байырлашкан көчмөн уруулар тууралуу кабарлар берилет. Жаз­мада сактардын үч түрү эскерилген. Алар «сака­тйайий-парадрайа» – «деңиздин (дарыянын) өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» – «хаум­ду кадырлоочу сактар» (башкача айтканда чекенде өсүмдүгүнүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучу сак­тар), «сака-тиграхауда» – «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Дарийдин Бехистун ас­касындагы жазуусунун бешинчи сабында ал кантип тиграхауда сактарын багындырып, жол ­башчысы Скунханы туткунга алганы жазыл­ган. 1837-жылы англис офицери Генри Роулинсон 50 ''м'' бийиктиктен Бехистин жазмасынын көчүрмөсүн алган. Аны чечмелөөдө бир топ мезгилге чейин оку­муштуулардын арасында талаш-тартыштар бо­луп келген. 1857-жылы гана Лондондо англис оку­муштуулары Г. Роулинсон жана У.Тальбот, немис– француз окумуштуусу Ж. Опперт жана ирландия­лык Э. Хинксттин ар бири өз алдынча окуп чы­гып, чечмелөөдө анын бир маанини билдириши менен талаш-тартыштар токтогон. [[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
жасаган жортуулу | |||
өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» – «хаум­ду кадырлоочу сактар» ( | |||
04:07, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕХИСТУ́Н ЖАЗМАСЫ – Байыркы Иран падышасы Дарий Iнин (биздин заманга чейинки 522–486-жылдары бийлеген) буйругу менен биздин заманга чейинки 516-жылы Түндүк-Батыш Ирандын Керманшах – Хамадан жолунун боюндагы Накш-и Рустем капчыгайындагы Бехистун аскасында чегилген жазуулар. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү аска летописи. Анда биздин заманга чейинки 522– 519-жылдардагы Ахемениддер мамлекетиндеги окуялар баяндалат. Ал эки бөлүктөн турат: жогору жагында көтөрүлүшкө чыккан душмандарын чөгөлөтүп турган Дарийдин сүрөтү, анын айланасында жана төмөн жагында клинопись (шынаа сымал) жазмасындагы байыркы перс, элам жана вавилон тилдеринде чегилген 14 саптан турган жазуулар бар. Жазмада Дарий Iнин Орто Азияга

жасаган жортуулу жана ал басып алган элдер, Орто Азия жана Теңир-Тоо аймагын байырлашкан көчмөн уруулар тууралуу кабарлар берилет. Жазмада сактардын үч түрү эскерилген. Алар «сакатйайий-парадрайа» – «деңиздин (дарыянын) өйүзүндөгү сактар», «сака-хаумаварга» – «хаумду кадырлоочу сактар» (башкача айтканда чекенде өсүмдүгүнүн ширесин диний жөрөлгөдө пайдалануучу сактар), «сака-тиграхауда» – «чуштугуй калпакчан сактар» деп бөлүнгөн. Дарийдин Бехистун аскасындагы жазуусунун бешинчи сабында ал кантип тиграхауда сактарын багындырып, жол башчысы Скунханы туткунга алганы жазылган. 1837-жылы англис офицери Генри Роулинсон 50 м бийиктиктен Бехистин жазмасынын көчүрмөсүн алган. Аны чечмелөөдө бир топ мезгилге чейин окумуштуулардын арасында талаш-тартыштар болуп келген. 1857-жылы гана Лондондо англис окумуштуулары Г. Роулинсон жана У.Тальбот, немис– француз окумуштуусу Ж. Опперт жана ирландиялык Э. Хинксттин ар бири өз алдынча окуп чыгып, чечмелөөдө анын бир маанини билдириши менен талаш-тартыштар токтогон.