БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ''' – 1991-ж. 8-де­кабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларус­сия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамле­кеттеринин башчылары (Б. Ельцин, (С. Шуш­кевич) Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган ке­лишим. Б. м. Советтик Социалисттик Республи­калар Союзу (СССР) эларалык укуктун субъекти­си катары өз жашоосун токтоткондугун белги­леген. 1991-ж. коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин ка­макка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көзкаранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы респ­лар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин кура­мынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкө­дөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кыр­даалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Бе­ловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-ж. 12-декабрда Ашгабад ш-нда О. Азия республикасынын президентте­ринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстан­дан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажик­стандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ния­зов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өзара союздаштык ж-дөгү макулдашууга кол коюшуп, о. эле Б. м-нын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы респ-ларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-ж. 21-декабрда Алматы ш-нда мурдагы СССРдин курамындагы 11 респ-нын (Армения, Азербай­жан, Беларусь, Казакстан, Кырг-н, Молдова,
'''БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ''' – 1991-жылы 8-де­кабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларус­сия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамле­кеттеринин башчылары Б. Ельцин, С. Шуш­кевич, Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган ке­лишим. Беловежа макулдашуусу Советтик Социалисттик Республи­калар Союзу (СССР) эл аралык укуктун субъекти­си катары өз жашоосун токтоткондугун белги­леген. 1991-жылы коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин ка­макка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республика ­лар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин кура­мынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкө­дөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кыр­даалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Бе­ловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-жылы 12-декабрда Ашгабад шаарында Орто Азия республикаларынын президентте­ринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстан­дан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажик­стандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ния­зов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өз ара союздаштык жөнүндөгү макулдашууга кол коюшуп, ошондой эле Беловежа макулдашуусунын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы республикаларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-жылы 21-декабрда Алматы шаарында мурдагы СССРдин курамындагы 11 республиканын (Армения, Азербай­жан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н ''Көз карандысыз Мам­лекеттер Шериктештигине'' (КМШ) негиз са­лынган. 1991-жылы 25-декабрда СССРдин президен­ти М. С. ''Горбачев'' кызматынан кеткендигин жа­рыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.  
Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н ''Көзкарандысыз Мам­лекеттер Шериктештигине'' (КМШ) негиз са­лынган. 1991-ж. 25-декабрда СССРдин президен­ти М. С. ''Горбачев'' кызматынан кеткендигин жа­рыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.  


<p align='right'>''А. Орозов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
<p align='right'>''А. Орозов.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]]

05:28, 25 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ – 1991-жылы 8-де­кабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларус­сия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамле­кеттеринин башчылары Б. Ельцин, С. Шуш­кевич, Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган ке­лишим. Беловежа макулдашуусу Советтик Социалисттик Республи­калар Союзу (СССР) эл аралык укуктун субъекти­си катары өз жашоосун токтоткондугун белги­леген. 1991-жылы коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин ка­макка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республика ­лар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин кура­мынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкө­дөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кыр­даалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Бе­ловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-жылы 12-декабрда Ашгабад шаарында Орто Азия республикаларынын президентте­ринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстан­дан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажик­стандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ния­зов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өз ара союздаштык жөнүндөгү макулдашууга кол коюшуп, ошондой эле Беловежа макулдашуусунын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы республикаларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-жылы 21-декабрда Алматы шаарында мурдагы СССРдин курамындагы 11 республиканын (Армения, Азербай­жан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н Көз карандысыз Мам­лекеттер Шериктештигине (КМШ) негиз са­лынган. 1991-жылы 25-декабрда СССРдин президен­ти М. С. Горбачев кызматынан кеткендигин жа­рыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.

А. Орозов.