БЕНГАЗИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БЕНГА́ЗИ''' – Ли виянын т үн.-чыгышындагы шаар. Бенгази провинциясынын адм. борбору. Калкы 650,6 миң (2005); калкынын саны б-ча
'''БЕНГА́ЗИ''' – Ливиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Бенгази провинциясынын административдик борбору. Калкы 859 миң (2024); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар (Триполиден кийин). Бенгази аркы­луу Триполи–Тобрук автомобиль жолу өтөт. Же­р ортолук деңиздин Сидра булуңундагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Бенгазинин ордунда б. з. ч. 7–5-кылымдар ченде байыркы грек колониясы Эуэс­перида негизделген. Б. з. ч. 4-кылымда шаар Берени­ке (Египет фараону Птолемей IIIнүн аялынын урматына) аталып, Киренаика провинциясы­нын борбору болгон. 15-кылымда мусулман Бен Га­зинин (Сиди Газа) ысымынан аталган. 1517– 1911-жылдарда Осмон империясынын курамында. 1912–42-жылдарда Италиянын аскер-деңиз базасы. 1942–51-жылдарда Англия оккупациялаган. Ливия көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 1951–70-жылдарда Ливия королдугунун борборлорунун бири. Университет (1955), университеттин китепканасы, музей, театр иш­тейт. Соода борбору (дан эгиндери, курма, зай­тун, жүн, үй жаныбарлары). Нефть ажыратуу, тамак-аш (анын ичинде пиво кайнатуу), текстиль, бул­гаары, цемент өнөр жайлары бар. Дүйнөдөгү эң ири деңиз суусун тузсуздандыруучу завод иштейт. Былпылдактар, тунец ж. б. балыктар карма­лат. Туз казылып алынып, шаардын чет-жака­сында иштетилет. ЖЭС курулган. Бенгазинин чет ­жакасында Беренике шаарынын байыркы калдык­тары, эллада ж-а рим мезгилинин аска бетин­деги күмбөздөрү, Адриана акведугу (117–138-жылдар чен) сакталган.  
өлкөдөгү 2-шаар (Триполиден кийин). Б. аркы­луу Триполи–Тобрук автомобиль жолу өтөт. Же­рортолук деңиздин Сидра булуңундагы порт. Эларалык аэропорту бар. Б-нин ордунда б. з. ч. 7–5-к-дар ченде байыркы грек колониясы Эуэс­перида негизделген. Б. з. ч. 4-к-да шаар Берени­ке (Египет фараону Птолемей IIIнүн аялынын урматына) аталып, Киренаика провинциясы­нын борбору болгон. 15-к-да мусулман Бен Га­зинин (Сиди Газа) ысымынан аталган. 1517– 1911-ж. Осмон империясынын курамында. 1912–42-ж. Италиянын аскер-деңиз базасы. 1942–51-ж. Англия оккупациялаган. Ливия көзкарандысыздыкка ээ болгондон 1951–70-ж. Ливия королдугунун борборлорунун бири. Ун-т (1955), ун-ттин китепканасы, музей, театр иш­тейт. Соода борбору (дан эгиндери, курма, зай­тун, жүн, үй жаныбарлары). Нефть ажыратуу, тамак-аш (а. и. пиво кайнатуу), текстиль, бул­гаары, цемент өнөржайлары бар. Дүйнөдөгү эң ири деңиз суусун тузсуздандыруучу з-д иштейт. Былпылдактар, тунец ж. б. балыктар карма­лат. Туз казылып алынып, шаардын чет-жака­сында иштетилет. ЖЭС курулган. Б-нын чет­жакасында Беренике ш-нын байыркы калдык­тары, эллада ж-а рим мезгилинин аска бетин­деги күмбөздөрү, Адриана акведугу (117–138-ж.
[[Category: 2-том, 146-225 бб]]
чен) сакталган. [[Category: 2-том, 146-225 бб]]
 

04:08, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕНГА́ЗИ – Ливиянын түндүк-чыгышындагы шаар. Бенгази провинциясынын административдик борбору. Калкы 859 миң (2024); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар (Триполиден кийин). Бенгази аркы­луу Триполи–Тобрук автомобиль жолу өтөт. Же­р ортолук деңиздин Сидра булуңундагы порт. Эл аралык аэропорту бар. Бенгазинин ордунда б. з. ч. 7–5-кылымдар ченде байыркы грек колониясы Эуэс­перида негизделген. Б. з. ч. 4-кылымда шаар Берени­ке (Египет фараону Птолемей IIIнүн аялынын урматына) аталып, Киренаика провинциясы­нын борбору болгон. 15-кылымда мусулман Бен Га­зинин (Сиди Газа) ысымынан аталган. 1517– 1911-жылдарда Осмон империясынын курамында. 1912–42-жылдарда Италиянын аскер-деңиз базасы. 1942–51-жылдарда Англия оккупациялаган. Ливия көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 1951–70-жылдарда Ливия королдугунун борборлорунун бири. Университет (1955), университеттин китепканасы, музей, театр иш­тейт. Соода борбору (дан эгиндери, курма, зай­тун, жүн, үй жаныбарлары). Нефть ажыратуу, тамак-аш (анын ичинде пиво кайнатуу), текстиль, бул­гаары, цемент өнөр жайлары бар. Дүйнөдөгү эң ири деңиз суусун тузсуздандыруучу завод иштейт. Былпылдактар, тунец ж. б. балыктар карма­лат. Туз казылып алынып, шаардын чет-жака­сында иштетилет. ЖЭС курулган. Бенгазинин чет ­жакасында Беренике шаарынын байыркы калдык­тары, эллада ж-а рим мезгилинин аска бетин­деги күмбөздөрү, Адриана акведугу (117–138-жылдар чен) сакталган.